Кипр

Википедия дан

Кипр Республикасы
грек. Κυπριακή Δημοκρατία
түрк. Kıbrıs Cumhuriyeti

Герб
Туу Герб


Эгемендүүлүк күнү 16-август 1960-ж.

Улуу Британиядан)

Расмий тилдери грек тили, түрк тили
Борбор шаары Түштүк Никосия
Ири шаарлар Түштүк Никосия, Лимасол
Президент Никос Анастасиадис
Акча бирдиги евро
ISO коду CY
ЭОК коду CYP
Кипр.

Кипр (грек. Κύπρος; түрк. Kıbrıs), ырасмый аты — Кипр Республикасы (грек. Κυπριακή Δημοκρατία, түрк. Kıbrıs Cumhuriyeti) — Батыш Азиядагы мамлекет; Кипр аралында, Жер Ортолук деңиздин түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 9251 км2. Калкы 1099,4 миң (2008). Борбору — Никосия. Расмий тилдери — грек жана түрк тилдери. Акча бирдиги — евро. Административдик-аймактык жактан 6 округга (епархийге) бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005): Кипрдин аймагынын 36%ке жакын аянтын (анын ичинде Кириния округу, ошондой эле Фамагуста округунун бир аз бөлүгү кошо) Түркия ээлеп алган. Кипрдин аймагында 280,2 миң калк жашайт. Борбору — Никосия (шаардын түрктөр жашаган бөлүгүнүн калкы 52 миң). Расмий тили — түрк тили; акча бирдиги — түрк лирасы. ТКТР административдик жактан 5 округга бөлүнөт. Аймагынын 2,7% аянтын Британиянын аскер базасы ээлейт. Кипр — БУУнун (1960), Шериктештиктин (1961), ЭВФтин (1961), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1961), Европа Советинин (1961), Европа коопсуздугу жана кызматташтык уюмдун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (2004) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кипр — де-юре унитардык мамлекет. Кипрдин конституциясы 1960-жылы 16-августта кабыл алынган. Башкаруу формасы — президенттик республикалык мамлекет жана өкмөт башчысы — президент (35 жаштан жогору Кипр жараны президенттикке кандидатурасын коюуга укуктуу, конституция боюнча президенти — кипрлик грек, вице-президенти — кипрлик түрк болуу керек, жалпы жашыруун добуш менен 5 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы — бир палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы). 80 депутаттан турат (56 депутаты — кипрлик грек, 24 орунга кипрлик түрк). Кипр Республикасында көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Кипр эмгекчи элинин прогрессчил партиясы, Демократиялык чогулуш, Демократиялык партия, Социалисттик партия.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Никосия.

Жээги негизинен түзөң, түндүгүндө аскалуу жана тик. Тоолуу рельеф басымдуу. Түндүгүн жээктей дээрлик 150 км аралыкка Кириния кырка тоосу (бийиктиги 1024 мге чейин) жана жапыз (383 мге чейин) Карпас тоо массивдери созулуп жатат. Кипрдин борбордук жана түштүк бөлүктөрүн тармактанган Троодос тоо массиви ээлейт; анын бийиктиги 1951 м (Олимбос чокусу —Кипр-дин эң бийик жери). Троодос массивин түндүктөгү тоолордон дөңсөөлүү Месаория түздүгү (деңиз деңгээлинен 200 м бийиктикте) бөлүп турат. Түздүктө акиташ тектүү платолор кездешет, чыгышын жантайыңкы аллювий түздүгү түзөт. Аралды жээктей кууш түздүктөр созулуп жатат. Кипр аралы тектоникалык жактан кайнозойдогу Альп— Гималай кыймылдуу алкагынын бир тармагы болгон — Динара-Зонд зонасында жатат. Негизги кен байлыктары: жез кен ташы, чопо (бентонит ж. б.), цементтик акиташ теги жа мергель, гипс, пирит, перлит, мрамор, курулуш материалдары (таш, шагыл ж. б.). Аймакка субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү; жайы ысык, кургакчыл, июлдун орт. температурасы 25—35°C, кышы жумшак, салыштырмалуу жаанчыл, январдыкы 10—12°C, тоолордо абанын температурасы —7°Cre чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү Месаория түздүгүндө 300—400 ммден Троодос тоолорунда 1000—1100 ммге чейин. Кургакчыл мезгилдери да болот. Тоо капталдарында 1000 м бийиктиктен жогору кар жаайт, Троодос тоолорунун түндүк капталдарында кар катмары пайда болуп, ал 4 айга чейин жатат. Агын сууларынын көбү негизинен жамгыр сууларынан куралып, Троодос тоосунун капталдарынан башталат. Дарыя нуктары кышкы жамгырдан кийин гана сууга толуп, жайында бардык агын суулары соолуп калат. Кышында жана жазында суусу ташкындайт. Жыл сайын калыбына келүүчү суу ресурстары чектелүү (1 км3 чамасында), ар бир адамдын суу менен камсыз болуусу жылына 900 мЗден ашык. Жыл сайын 200 млн мЗден ашык суу пайдаланылат, анын 74%и айыл чарбасында (негизинен сугатка), 23,7%и коммуналык-тиричиликте, 2,3%и өнөр жай ишканаларында керектелет. Тоо капталдарында мелкозёму аз таштак топурак пайда болот. Тоо этектеринде жана түздүктөрдө күрөң, кургакчыл түздүктөрдө бозомук-күрөң топурактар өрчүгөн. Мурда аралдын басымдуу бөлүгү токой менен капталып, «жашыл арал» аталчу. 21-кылымдын башында токой тоолордо гана сакталып, өлкөнүн аймагынын 19% аянтын ээлеп калган. 2,5 миң га жерге токой көчөттөрү (эвкалипт, ак акация) отургузулган. Жапыз тоолордо эмен, ак чечек, кожогат дарагы ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой массивдери кездешет. 900—1000 м бийиктиктен жогору ийне жалбырактуу субтропиктик токой басымдуу; алар алеп жана троодос кызыл карагайы, кедр (бал карагай), кипарис, арча. Тоо өрөөндөрүндө олеандр, тамариск өсөт. Түздүктөрдө жана 500 м бийиктикке чейинки тоо этектеринде экинчи жолку дайыма жашыл дарактар жана бадалдар (жыгач мисте, ладанник, арчалуу маквистер) таралган. Зор аянтты тимьян, розмарин, көк шимүүр, лавандадан турган гарига формациясы ээлейт. Кириния кырка тоосунун, Карпас тоосунун кургакчыл түштүк капталдарында, ошондой эле Масаория түздүгүндө катуу чөптүү талаалашкан өсүмдүктөр таралган. Күрдүү топурактуу өрөөндөрүнүн жана тоо этектерининин басымдуу бөлүгүн дан эгиндери, цитрус жана зайтун дарактарынын плантациялары, дөбөлөрдүн атайын тектирленген капталдарын, Троодос тоосунун этектерин жүзүм, зайтун жа мүйүз дарак плантациялары ээлейт. Өсүмдүктөрүнө мүйүздүү майда жандыктар көп зыян келтирет. Аралдын түндүк бөлүгүндө токойго эчки жаюуга тыюу салынган.

Коргоого алынган табигый аймактар өлкөнүн аймагынын 8,3% аянтын ээлейт; алар негизинен токой парктары (Троодос, Афаласа) жана аңчылык резерваттары. Коргоого алынган деңиз акваториясынын аянты 2,27 миң га. Туздуу Ларнака көлү эл аралык маанидеги суу-саз жерине киргизилген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кипрдин негизги калкын өлкөнүн түштүгүндө жашаган кипрлик гректер (66,9%) жана түндүк бөлүгүндө жашаган кипрлик түрктөр (21,8%) түзөт. Алардан башка англистер жана шотланддар (7,2%), арабдар (2,8%) жашайт. Калктын табигый өсүүсү 0,52% (2008). Төрөлүүнүн саны кыскарууда (2008-жылы 1000 адамга 12,6 бала; 1996-жылы 15,4 бала болгон), ал эми өлүм-житим 20-кылымдын аягынан туруктуу (7,8 адам). Курактык структурасында 65 жаштан ашкандардын саны өсүүдө (2008-жылы 12%, 1996-жылы 11%), ал эми 14 жашка чейинки балдардын саны кыскарууда (2008-жылы 19,5%, 1996-жылы 25%); эмгекке жарамдуу курактагылар (15—64 жаштагылар) 68,5% (1996-жылы 64% болгон). Калкынын орточо курагы 35,3 жыл (2008), күтүлгөн орточо узактыгы 78,3 жыл (эркектердики 75,8, аялдардыкы 80,7 жыл). Эркектер менен аялдардын саны тең чамалаш. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 118,9 адам. Шаар калкы 69,7% (2006). Ири шаарлары (2008): Никосия (калкы 213,0 миң), Лимасол (166,6 миң), Ларнака (52,3 миң), Пафос (40,9 миң). Калктын көпчүлүгү (80%ке жакыны) православный христиандар, 19%и бир аз башка диндегилер бар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кипрди адамдар неолит доорунан мекендей баштаган. Жез кендерине бай жана географиялык абалы ыңгайлуу болгондуктан, кипрликтер коло доорунда кошуна мамлекеттер жана элдер менен соода, маданий байланыштарын өнүктүргөн. Соңку коло доорунда Кипрде эгей маданиятынын таасиринде таптык коом калыптана баштап, кипр-миной жазуусу түзүлгөн. Бул процесс ахей ж. б. басып алуучулардын басып киришин тездеткен. биздин заманга чейинки 9-кылымда аралда финикийликтердин колониясы пайда болгон. биздин заманга чейинки 8-кылымдын аягында Кипрди Ассирия, 560-жылдары египет фараону Яхмос II, 6-кылымдын ортосунда Ахемениддер басып алган. 333—323-жылдары Александр Македонскийдин мамлекетинин курамына кирген. 294-жылдан египеттик Птолемейлер мамлекетинин провинцияларынын бири болгон. биздин заманга чейинки 58-жылы Кипрди Рим караткан. Биздин замандын 330-жылдарынан Византия империясынын бийлигине баш ийип, 1-кылымдын ортосунда Апостолдук кипр чиркөөсү уюшулган. 647-жылы Кипрди арабдар, 965-жылы кайрадан Византия, 1191-жылы Кресттүүлөр басып алып, 1192-жылы аралда француз Лузиньяндар династиясынын өкүлдөрү башкарган Кипр королдугу түзүлгөн. 1489—1570-жылы Венеция, 1571—1878-жылдары Осмон империясы, 1878—1959-жылдары Улуу Британия үстөмдүк кылган. 1878-жылы 4-июнда Улуу Британия менен Түркия «коргонуу уюму жөнүндө» жашыруун келишим түзүп, Кипрге британиялык аскерлер жайгашкан. Бийлик британиялык министрлердин колуна өтүп, соттук-административдик реформалар жүргүзүлүп, жогорку сот жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары — Мыйзам чыгаруучу жана Аткаруучу кеңештери шайланып, 1882-жылы конституция кабыл алынган. 1925-жылы Кипр британиялык колония статусуна ээ болгон. 19-кылымдын аягында колониялык эзүүгө каршы кипрлик гректердин улуттук-боштондук кыймылы күч алып, алар Грекияга кошулууну талап кылышкан. 1931-жылы гректердин көтөрүлүшүнөн улам, британиялык бийлик конституциянын ишин токтотуп, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарын таркаткан. 1954—58-жылдары Кипр маселеси БУУнун Генералдык Ассамблеясында бир нече жолу талкууланган. 1959-жылы февралда Цюрихте Греция менен Түркия, Лондондо Улуу Британия, Түркия жана Грекия (грек жана түрк жамааттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда) Кипрдин өз алдынча мамлекет болушу жөнүндө келишимге кол койгон. 1960-жылы 16-августта Кипр көз карандысыз республика деп жарыяланып, БУУга мүчө болгон. Кипрдин президенттигине архиепископ Макариос III, вице-президенттигине Ф. Кучук шайланган. 1960-жылы жаңы иштелип чыккан конституциянын долбоору боюнча грек жана түрк жамааттары мамлекетти башкарууда бирдей укукка ээ болгон. 1963-жылы грек жамааты конституцияны кайра карап чыгуу, мамлекетти борбордоштуруу талабын коюшуп, ага кипрлик түрктөр каршы чыккан. Конституциялык кризис куралдуу тирешүүгө алып келип, Улуу Британия, Түркия жана Греция Кипрге аскерлерин киргизген. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1964-жылы марттагы резолюциясына ылайык тынчтыкты сактоо үчүн Кипрге БУУнун аскер күчтөрү киргизилген. 1974-жылы 15-июлда Кипр реакциясы Грецияга таянып, Макариос Шнүн өкмөтүнө каршы куралдуу козголоң чыгарган. Кипрлик түрктөрдүн кызыкчылыгын жактоону шылтоолоп, 1974-жылы 20-июлда Кипрге түшүрүлгөн түрк аскери өлкөнүн түндүк бөлүгүнүн 40%ин басып алган (200 миң жергиликтүү грек өлкөдөн куулган). 1975-жылы 1-февралда түрк жамаатынын жетекчилиги түрктөр көзөмөлдөгөн аймакта Р. Денкташ башында турган Кипр Түрк федерациялык мамлекетин жарыялаган. Кипрге Түркиядан 50 миңдей киши көчүп келген. 1975-жылы Греция менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кипр демаркациялык линия боюнча экиге бөлүнгөн. Грек менен түрк аймактарынын ортосунда буфердик зона түзүлүп, БУУнун куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн. Грециядагы аскердик хунта кулагандан кийин 1974-жылы Макариос III президенттик милдетин аткарууга киришкен. 1977-жылы февралда Макариос III менен Р. Денкташтын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Кипрде федерациялык республикасын түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилген. Бирок Макариос III өлгөндөн кийин анын мураскери Киприану менен Денкташтын ортосундагы пикир келишпестиктен, бул маселе ишке ашкан эмес. 1983-жылы 15-ноябрда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) түзүлгөндүгү расмий түрдө жарыяланган. Аны Түркиядан башка дүйнөдө бир дагы мамлекет тааныган эмес. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1983-жылы 18-ноябрдагы резолюциясы ТКТРдин мыйзамсыз түзүлгөндүгүн билдирген. 2004-жылы Кипр Республикасы Европа Союзуна, 2008-жылы евро аймагына кирген. 2008-жылы президенттикке Д. Христофиас шайланган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1974-жылдан Кипрдин чарбалык комплекси экиге — грек (Кипр Республикасы) жана түрк (ТКТР) секторлоруна бөлүнөт. Кипр Республикасы өнүккөн чакан мамлекеттердин курамына кирет. ИДПнин көлөмү 21,4 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 27,4 миң доллардан туура келет. ТКТРдин ИДПсинин көлөмү 1,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 11,8 миң доллардан туура келет; Түркия жыл сайын ТКТРге берген жардамы орто эсеп менен 400 млн долларды түзөт (ал ТКТРдин бюджетинин ½ бөлүгү). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,903 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинде 28 орунду ээлейт). Экономикасынын структурасы постиндустриялуу өлкөлөр үчүн мүнөздүү: ИДПнин 78%и айыл чарбасынан түзүлөт (2007). 21-кылымдын башында макроэкономикалыксаясатынын, монополиясыздаштыруунун, энергетикалык секторду модернизациялоонун, адистерди даярдоонун жогорку деңгээлинин (25—29 жаштагы калктын 44,4%и жогорку билимдүү; Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн орточо деңгээли 28%) ж. б. чаралардын натыйжасында бир топ ийгиликтерге жетишти. ИДПнин накта өсүшү 2007-жылы 4,4%ти түздү.

Өнөр жай продукциясынын жалпы наркы 3,2 млрд евродон ашык (2006). Чакан жана орто чоңдуктагы ишканалар басымдуу. Ири өндүрүштөрдүн басымдуу бөлүгү борбордук агломерацияда жана Лимасолдо топтолгон. Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш, металлургия, химия, полиграфия, жеңил (анын ичинде текстиль, булгаары-бут кийим), минералдык сырьёлор жана курулуш материалдар өндүрүшү. Отун-энергетикалык баланстын 89%и нефтиге жана нефть продуктуларына, 7,5%и көмүргө, 3,5%и энергиянын альтернативалык булактарына таандык (2004). Энергияны негизги керектөөчүлөр: транспорт (54%) жана өнөр жай (20%). Отун-энергетикага болгон муктаждык толугу менен импорттун эсебинен канааттандырылат. Гелиоэнергетика тез өнүгүүдө (Кипрде жылдын 340 күнү күнөстүү); күн батереясынын ар бир адамга туура келген аянты (0,86 м2) боюнча Кипр дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт: турак жайдын 96%ке жакыны, отелдердин 53%и күн батереясы менен жабдылган. Шамал энергия курулмасынын аныкталган кубаттуулугу 58 МВт; май өсүмдүктөрүнүн биомассасынын негизинде өндүрүлгөн биоотун 7,5 миң тоннадан ашык (2006). Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 988 МВт. 2005-жылы 4,6 млрд кВт. с электр энергиясы өндүрүлүп, анын 4,1 млрд кВт.с өлкө ичинде пайдаланылган (ТКТРде бул көрсөткүчтөр 998 млн кВт.с жана 797,9 млн кВт.с түзөт). Үч ЖЭС иштейт. Металлургия жана металл иштетүү импорттук сырьё менен иштеп, болот жана алюминий продукцияларын даярдайт. Машина куруу өнөр жай ички рынокко багытталган; негизги продукциялары: электр жана күн суу жылыткычтары, ошондой эле электр-техникалык жабдуулар (трансформатор, электр мотору, генератор, электр өткөргүч жана кабель, телевизор антеннасы ж. б.), желдеткич техникасы, тоо кен өнөр жайы, айыл чарба, соода, полиграфия өнөр жай үчүн жабдуулар ж. б. Химия өнөр жай негизинен жер семирткич, пестицид, лак, боёк, ошондой эле мал багуу үчүн атайын каражаттарды, өнөр жай химикаттарын, тазалоочу жана кир жуучу, парфюмерия-косметика каражаттарын чыгарат. Целлюлоза-кагаз, полиграфия өнөр жайынын жана басма ишинин негизги борбору — Никосия. Текстиль өнөр жайынын туруктуу өнүккөн тармактары — трикотаж жана тигүү өндүрүштөрү; булгаары өнөр жай сумка, чемодан, бут кийим чыгарууга адистешкен. Тамак-аш өнөр жай Кипр индустриясында маанилүү орунду ээлейт. Анда эт жана сүт продукцияларын, жашылча жана мөмө-жемиш консерваларын, ун жана нан-булочка азыктарын, өсүмдүк майын, туз, балык жана деңиз продукцияларын, мал чарбасы үчүн тоют чыгаруу басымдуулук кылат. Шарап жасоо эзелтен өнүккөн; Кипр шарап чыгаруу боюнча дүйнөдө 37-орунду ээлейт.

Агрардык продукциянын наркы 635,1 млн евро (2005). Жайы ысык жана кургакчыл болгондуктан, дыйканчылыгы сугатты талап кылат. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 202,4 миң га; анын айдалганы 144,3 миң га; кысыр аңыз 20,5 миң га, жайыт 0,4 миң га, иштетилбеген жер 33,6 миң га, каралбаган жана чөлдөшкөн жер 3,6 миң га (2005). Айыл чарбасынын башкы тармагы — өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Анын ичинен эң өнүккөнү — жүзүмчүлүк жана цитрус өстүрүү. Жүзүм өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө тоо капталдарында, негизинен майда чарбалар тарабынан өстүрүлөт (2005-жылы 80,9 миң тонна жыйналган). Аралдын түштүк-батыш бөлүгү — жүзүмчүлүктүн негизги мекени. Кипрде жүзүмдүн жогорку сапаттуу эндемиялык 15ке жакын сорту (негизгиси Мавро сорту) жана 60ка жакын европалык сорту өстүрүлөт. Жүзүмдүн басымдуу бөлүгү шарап үчүн пайдаланылат. Шарапты негизинен Германия жана Швецияга экспорттойт. Цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары негизинен Лимасол жана Пафос региондорунда жайгашкан. Жалпы жыйымы 142 миң т (2005); алар: танжерин, мандарин, клементина, сатсума, апельсин, грейпфрут, помело, лимон, лайма; негизинен Улуу Британияга экспорттойт. Картөшкөнүн да экспорттук мааниси зор, аны негизинен Улуу Британия, Германия, Бельгияга сатат. Ички керектөөгө арпа, дарбыз, помидор, бадыраң, алма, буудай, банан, пияз, капуста, шабдаалы, нектарин, анжир, ашкабак, маш буурчак, сулу ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен ички рынокко багытталган, көбүнчө тоолуу аймактарга мүнөздүү. 2005-жылы 429,7 миң чочко, 329,3 миң эчки, 268,9 миң кой, 57,8 миң кара мал, 2,8 млн үй кушу асыралган. Балык жана деңиз продуктуларын негизинен сырттан сатып алат.

Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн экономикасындагы ири жана туруктуу өнүккөн сектор (ИДПнин 78%и). Эң маанилүү секторлору: финансылык тейлөө (кыймылсыз мүлк менен операцияны кошо; ИДПнин 17%и), дүң жана чекене соода (11,2%), туризм, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу (9,8%), мамлекеттик башкаруу жана коргонуу (8,8%), транспорт (8,5%), курулуш (7,5%). Кипрдин кредиттик мекемелер системасы Борбордук банкты, коммерциялык банктарды, чет өлкөлүк банктардын 27 филиалын камтыйт. Кипр фонд биржасы 1996-жылы уюшулган. 500гө жакын офшордук компания иштейт, көбү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциясы чөйрөлөрүндө аракеттенет. Туристтик индустрия — Кипрдин экономикасынын маанилүү тармактарынын бири. 2007-жылы туризмден түшкөн киреше 1,8 млрд еврону түзгөн; жыл сайын туристтик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 20 млн евро бөлүнөт. Жыл сайын Кипрге 20 млндон ашык турист келет, алардын 90%и — европалыктар. Туристтик негизги зоналары — Пафос, Айя-Напа, Паралимни, Лимасол, Ларнаки, Никосия региондору. Кипрде 900дөн ашык туристтик мекеме иштейт (2006); алар: түрдүү класстагы мейманканалар, туристтик айылдар, кемпингдер, мотелдер, отелдер ж. б. Жайкы дарылооден соолукту чыңдоо (пляждык) туризми басымдуулук кылат. Спорттукоюн-зоок туризми — яхтинг, дайвинг, гольф тез өнүгүүдө; Европадагы ири аквопарктардын бири Кипрде жайгашкан. Ошондой эле агротуризм, көптөгөн архитектуралык-тарыхый эстеликтер туристтерди өзүнө тартат.

Автомобиль жолунун узундугу 14 630 км, анын 1340 кми ТКТРге таандык. Жогорку ылдамдык автомагистралдарынын узундугу 257 км (эң маанилүү магистралы — Никосия—Пимасол, узундугу 82 км). Кипрде 16 аэропорт бар; эл аралык аэропорттору Ларнак менен Пафосто жайгашкан. Негизги деңиз порту — Василико. Деңиз флотунда 857 кеме бар; башка өлкөлөрдүн желеги менен 139 кеме жүрөт. Кипрде офшордук кеме регистри (Кипрдин желеги менен деңиз кемелери каттайт) иштейт: өлкөнүн соода флотуна чет өлкөлүк 705 кеме катталган.

Товардык экспорттун наркы 1,5 млрд доллар, импорттуку 7,8 млрд доллар (2007). Товардык экспорт наркынын 80%тен ашыгын айыл чарба продуктулары (картөшкө, цитрус, жүзүм ж. б.) түзөт, башка товарлардан сыртка шарап, фармацевтика дары-дармектери, цемент, текстиль экспорттолот. Негизги сырткы соода шериктери: Грекия, Улуу Британия, Германия. Нефть продуктуларын, машина жана жабдууларды, зарыл товарларды Грекия, Италия, Улуу Британия, Германия, Израиль, Франция, Нидерланддан сатып алат. ТКТРдин товардык экспортунун наркы 68,1 млн доллар, импортунуку 1,2 млрд доллар (2007). ТКТРдин негизги сырткы соода шериги — Түркия ( ага экспорт наркынын 40%тен ашыгы, импорт наркынын 60%и туура келет). Экспортундаайыл чарба продукциялары (цитрус, картөшкө, курма) жана текстиль басымдуулук кылат. Түркиядан машина жана жабдуу, автомобиль, сырьё, отун, химикат, азык-түлүк, сигарета алат. Соода таңкыстыгы негизинен туризмден, чет элдик студенттерди окутуудан, чет өлкөлүк инвестициядан ж. б-дан толукталат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кипрдин билим берүүсүн Билим берүү жана маданият министрлиги жетектейт. Билим берүү системасы мектепке чейинки (3 жаштан 5 жашка чейин мамлекеттик, коомдук жана менчик бала бакчалар), 6 жылдык башталгыч орто, толук эмес (3 жылдык гимназия) жана толук (3 жылдык лицей, техникалык же кесиптик мектеп) орто билимди камтыйт. Башталгыч жана толук эмес орто билим берүү акысыз жана милдеттүү. Англис, француз, италян, армян, араб тилдеринде окутуучу мамлекеттик эмес, ошондой эле америкалык жана британиялык окуу программалары боюнча окутуучу мектептер бар. Адистик менен катар бакалавр даражасын бере турган 3 типтеги университет эмес жогорку окуу жайлары (колледждер, институттар жана мектептер) бар. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 99%ти түзөт (2005). Мамлекеттик университеттери: Фамагуст Чыгыш Жер Ортолук деңиз (1979), Никосиядагы Кипр (1989), Орто чыгыш техникалык университетинин (Анкара) филиалы (2005), мамлекеттик эмес университеттери: Никосиядагы Европа (1961), Фредерик технологиялык ж. б. Илимий мекемелери: Кипр изилдөө коому (1936),айыл чарба изилдөө институту (1962), Изилдөө борбору (1967), Кипр-америка археологиялык изилдөө институту (1978), Кипр нейрология жана генетика институту (1990) ж. б. Никосияда Кипр китепканасы (1987), Мамлекеттик архив (1978) жайгашкан. Фамагуста, Лимасол ж. б. шаарында муниципалдык китепканалар, Жогорку окуу жайларынын китепканалары бар. Музейлери: Кипр (1982), элдик искусство (1937), Византия музей жана искусство галереясы (1978), улуттук каршылык көрсөтүү музейи (1989), Кипр мамлекеттик заманбап искусство галереясы (1990) ж. б. (баары Никосияда.) Ларнакта археологиялык зергердик өнөр, Лимасолдо археологиялык музей (1948) ж. б. бар.

1955-жылдан грек, англис, түрк тилдеринде гезиттер чыгат. 1953-жылы радио уктуруу, 1957-жылы телекөрсөтүү иштей баштаган. Телекөрсөтүүлөрдү жана радио уктурууларды «Cypzus Broad casting Corporation» (CYBC, 1953-жылдан) жана «Bayrak Radio Television Corporation» (BRT, 1963-жылдан) ишке ашырат. Маалымат агенттиги — Cyprus News Agency (CNA, 1976). Кипр элинин адабияты грек, түрк тилдеринде, ошондой эле грек тилинин Кипр диалектинде өнүккөн. Антикалык коомдо Кипрде (грек тилинде) жергиликтүү эпос жаралган; Троя согушу жөнүндө поэмадан «Кипр баяндары» үзүндүсү сакталып калган. Гомердик гимндер деп аталган «Афродита гимни» Кипрде пайда болгон деп болжолдонот. Биздин замандын 4—6-кылымында Кипр христиан адабиятынын (Епифаний Кипрлик, Кирилл Пафский ж. б.) борборуна айланган. 10-кылымда «Дигенис Акрит» эпосунун кипр варианты түзүлгөн. 12-кылымда элдик поэзия өнүккөн. 14—16-кылымда француз поэзиясынын таасириндеги сүйүү лирикасы («Ародафнуса» элдик поэмасы), 15—16-кылымда тарыхый хроника жанры кеңири тараган. Түрктөр каратып алган мезгилде Кипрде элдик оозеки чыгармачылык өнүккөн. 17-кылымда жазуучу, архиепископ Илларион (Матфей) Кигаластын чыгармалары, 19-кылымда В. Михаилидистин ырлары белгилүү болгон. 19-кылымдын 2-жарымында романтизм, 1900-жылдары поэзияда авангардизм пайда болгон. Кипр диалектинде салттуу поэзияны Д. Липертис, П. Лиасидис ж. б. акындар улантышкан. 20-кылымдын ортосунда прозадагы негизги жанр новелла (А. Индианос, П. Ионнидис), 1950—60-жылдары роман болгон. 20-кылымдын 2-жарымынан кипр поэзиясы менен прозасынын өнүгүшү М. Кралис, Э. Пеониду, М. Пиерис ж. б. акын-жазуучулардын чыгармачылыктары менен байланыштуу. 20-кылымдын аягындагы прозаик, акын жана драматург — К. Монтис. 19-кылымдын аягынан түрк тилиндеги адабият өнүгө баштаган. 20-кылымда поэзия (X. X. Эфенди, М. Раджи ж. б.), драматургия (Ф. Коркут, Ю. Улутуг ж. б.), проза (О. Яшин, X. Маполар ж. б.) өнүккөн. О. Туркайдын лирикасы кеңири белгилүү болгон. Байыркы Кипрдин көркөм маданияты Египет, Алдыңкы Азия мамлекеттери (өзгөчө Финикия), Греция жана эгей дүйнөсүнүн искусствосу менен тыгыз байланышта. биздин заманга чейинки 7—6 жана 4—3-миң жылдыктарга таандык тегерек курулган турак жайлардын (Хирокития, Калавасос-Тента; Эрими, Кисонерга-Мосфилия) калдыктарынан таш, сөөк эмгек куралдары табылган. биздин заманга чейинки 3—2-миң жылдыктарда карапа буюмдарын жасоо өнөрү жакшы өнүккөн. Коло доорунда (биздин заманга чейинки 16—13-кылым) турак жайлар жана шаарлар пайда болгон. биздин заманга чейинки 14—13-кылымда кипр-микен искусствосу, биздин заманга чейинки 11-кылымдын ортосунан — 8-кылымдын ортосуна чейин кипрлик-геометриялык стиль өнүгүп, биздин заманга чейинки 8-кылымдын ортосунан — биздин заманга чейинки 475-жылы кипр-архаикалык доорунда Байыркы Египет, Ассирия, Персиянын көркөм салттарынын таасири күчөгөн. Кипр маданияты кипр-классикалык (биздин заманга чейинки 475-жылдар чен — 323), кипр-эллиндик (биздин заманга чейинки 323—31-жылдар чен), кипр-рим (биздин заманга чейинки 31-жыл чен — биздин замандын 330-жылы чен) доорлорунда өз алдынчалыгын жоготуп, классикалык грек, эллин жана рим исквосунун формаларында өнүккөн. Бул доордон көптөгөн эстеликтер сакталган. Арабдар басып алгандан кийин жаңы типтеги арх-ралык курулуштар (кумпалуу чиркөөлөр ж. б.), византиялык доордо (965—1191) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген Троодос тоосундагы оймо-чиймеленген, жазуусу бар чиркөөлөр пайда болгон. Түрктөр бийлеген доордо түрк архитектурасындагы мечиттер (Никосиядагы Араб-Ахметпашанын, Ашаги-Лаптадагы Хажи-Эмирдин, Фамагусте медресеси ж. б.), 20-кылымдын башталышында неоклассицизм стилиндеги курулуштар (Никосиядагы Кипр археологиялык музейи ж. б.) курулган.

Кипр музыкалык маданиятынын негизин грек салттуу музыкасы түзөт. Композитордук музыканын жана музыкалык илимдин негиздөөчүсү — С. Михаилидис. Ал «Байыркы Грекия музыкасы» энциклопедиясын (1978, англис тилинде) түзгөн, Кипрлик гректердин элдик музыкасын изилдеген. «Навзикая» балетинин (1950), «Кипрликтин үйлөнүү тою» (1935), «Византиялык тартуу» (1944) ж. б. хор жана симф. чыгармалардын автору. 1977-жылы Кипрлик комп. жазган биринчи опера (М. Хажилойзу, «Эркиндик») Ларнакта көрүүчүлөргө тартууланган. 1971-жылы Никосия музыкалык коому негизделген. Кипр радио уктуруусунун жана телекөрсөтүүсүнүн симф. (1968), «Лефкосия» филармониялык оркестрлери иштейт. Негизги музыкалык окуу жайы — Никосиядагы Кипр музыкалык академиясы (1956; анын алдында Жаз музыкалык мектеби бар). Академиялык жана жаз музыкасынын «Кипрдин музыка күндөрү» эл аралык (1997-жылдан), «Киприя» искусство (1990-жылдан), Никосия жана Лимасолдо искусство фестивалдары жыл сайын өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]