Киргизгич
Киргизгич (англисче Input device) информатикада — берилиштерди компьютерге киргизүүчү түзүлүш. Кеңири таралган киргизгичке баскыч топ (клавиатура) тактасы (keyboard) жана «чычкан» (mouse) кирет. Клавиатура аркылуу киргизилген берилиштер убактылуу компьютер эсинде сакталат жана монитордо көрсөтүлөт. «Чычкан» экранга чагылдырылган «чычкан» көрсөткүчү же курсор (жылгыч — pointer) деп аталган кичине символду жылдыруу үчүн колдонулат. Жылгыч түрдүү көрүнүштөргө ээ, көп учурда жебе түрүндө көрүнөт. Мисалы, кол жазманы киргизгич — баскыч топ тактасы аркылуу эмес кол менен жазылган текстти киргизүүчү түзүлүш. Планшеттен сырткары жазуу үчүн үч өлчөмдүү графиктерди түзүү же автоматташтырылган долбоорлоодо колдонулган графиктик планшеттерди пайдалануу каралган. Мындан сырткары кол жазма үчүн «чычканды» колдонуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9