Киршёлк, Ысык-Ата району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Киршёлк, Ысык-Ата районуЧүй областынын Ысык-Ата районундагы кыштак. Люксембург айыл округуна караштуу. Бишкек — Каракол автомобиль жолунун, Бишкек — Балыкчы темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол станциясы Кант шаарынан 5 км батыш тарапта. Кыштактын түндүк тарабынан Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2386 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү ж. б. бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]