Мазмунга өтүү

Китарова Гүлжан Сапаровна

Википедия — ачык энциклопедия

Китарова Гүлжан Сапаровна (20. 8. 1961-жылы туулган, Казак ССРи, Ак-Төбө областы, Журун айылы) — медицина илимдеринин доктору (2006). Ташкент шаарындагы Орто Азия педиатрия медициналык институтун (1984), СССР Медицина ИАнын Педиатрия ИИИде ординатураны (1990) бүтүргөн. Кыргызстан медициналык экология жана алдын алуу ИИИде жетектөөчү илимий кызматкер, аллергология бөлүмүнүн башчысы (1992—96), Кыргызстан акушерлик жана педиатрия ИИИде улук илимий кызматкер, консультациялык поликлиниканын башчысы (1998—2001), башкы врачы (2001—04), Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун директору (2004), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин педиатрия боюнча башкы адиси (2005—08). 2008-жылдан Республикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана маалыматтар технологиялар борборунун директору. Педиатрия, аллергология жана иммунология боюнча адис. 44төн ашык илимий эмгеги, анын ичинде монография, методикалык көрсөтмөлөрү бар. Саламаттык сактоонун отличниги. Эмгектери: Изолированные и сочетанные аллергические заболевание у детей. Б., 2006.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]