Китептерди санариптештирүү

Википедия дан
Китептерди санариптештирүү.

Китептерди санариптештирүү - кагаз китептерди электрондук (санарип) түргө өткөрүү процесси. Китептердин электрондук нускалары электрондук китепканаларды түзүп, интернетте таралышы мүмкүн. Санарип китепти оңой таратууга, программаларда ойнотууга, экрандан окууга болот. Адатта санарип китептер DjVu, Portable Document Format (PDF), JPG же TIFF форматтарында сакталат. Түпнуска сүрөттү түрлөндүрүү үчүн символдорду оптикалык таануу (OCR) колдонулат. Бул файлдын көлөмүн кичирейткен жана текст менен иштөөгө жол берген ASCII же башка ушундай санарип форматка китептин беттерин кошуу үчүн керек. Сүрөттү сканерлөө колго же автоматтык түрдө жасалышы мүмкүн. Кадыресе сканерлерде китеп айнек үстүндө жайгаштырылат, ага жарык тиет, оптикалык механизм айнектин алдында кыймылдап, китепти сканерлейт. Башка сканерлерде китеп V-түспөл рамага жайгаштырылып, үстүнөн сүрөткө тартылат. Барактар ​​кол менен же автоматтык салгыч менен баракталышы мүмкүн. Атайын оор айнек, адатта, сканерлөөнүн кемчиликтерин текшилөө үчүн китеп беттерин кысат. Сканерлегенден кийин программа документтин сүрөтүн тууралайт: түздөйт, кесет, редакциялайт, текстке жана китептин акыркы форматына айландырат Адамдар адатта, сканерленген сүрөттө ката барбы, жокпу текшеришет.

118 чекит/см (1 дүймга 300 чекит) текстти санарипке айлантуу үчүн норма болуп саналат. Бирок, сейрек жана татаал китептерге жогорураак чечим колдонуу керек болот. Жогорку технологиялуу сканерлер саатына миң бетке жакын сканерлөөгө жөндөмдүү. Саатына 1200 беттин тегерегинде сканерлеген кол китеп сканерлер бар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]