Китептин тарыхы

Википедия дан

Китептин эң байыркы үлгүсү- Месотополиянын клинописи жана Египеттин папирус түрмөгү . Жазма китеп даярдоо б.з.ч. 7 –кылымдарда Египетте башталган. Анан Египеттен Грецияга Грециядан Римге өткөн. Алгачкы басма китеп Х1- кылымдарда Кытайда пайда болгон. Х111- кылымдардан баштап Европада негизги жазма материалдары катары кагаз колдонулуп 15-кылымда китеп басылып чыга баштаган . Орустардын байыркы кол жазмасы 11-кылымдарга таандык. Мисалы: Святославдын жыйнагы. 15-кылымдардагы И.Гутербегдин Европада китеп басылып чыгарылышы менен китеп тарыхында жаңы доор башталган. Ал 42 саптуу библяны полиграфиялык жол менен басып чыгарган. Т.Шеффер 1957жылы китепке оюм- чийимди түшүргөн. Россияда китеп басууга Иван Федоров жана Петр Метисловец биринчи жол ачып 1564- жылы “Апостол “ деген ат менен китебин басып чыгарган. 18-кылымдардын акырында кагаз машинкасы 19-кылымдын башында басма машинкасы колдонулган.ХХ-кылымдын башынан баштап фототехниканын жардамы менен китеп басылып чыга баштаган.