Мазмунга өтүү

Кичи Алай тоо кыркасы

Википедия дан

Кичи Алай тоо кыркасыТүштүк Теңир-Тоодо, Алай кырка тоосунун тармагына кирет. Ноокат районунун аймагында. Исфайрам-Сай жана Ак-Буура сууларынын аралыгында батыштан чыгышты карай 78 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Орточо бийиктиги 4600 м, эң бийик жери 4933 м (Уларлы чокусу). Тоонун батышы Кичи Алай, чыгышы (Чөгөм жана Коргон сууларынан тартып Ак-Буурага чейин) Олокон Тоо деп аталат. Кичи Алайдын кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү (Тегирмеч, Гезарт, Агарт, Карагой, Кашка-Суу ж. б.); мөңгүнүн этегинде көл көп кездешет. Олокон-Тоодо мөңгү жокко эсе. Тоонун түштүк капталдары Кичи Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кокту-колоттуу, терең капчыгайлуу, түндүк капталдары жазы, Кербен — Көк-Жар, Ноокат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. түндүк капталында узундугу 20—25 м келген Жоожатты (бийиктиги 4048 м), Ярунтуз (3670 м), Жузан (3273 м), Алтын-Казык (3328 м) тоолору кеңдик багытында созулуп жатат. Батыш бөлүгү гранит-диорит, гранит, сиенит-диорит интрузия тектеринен, чыгыш жапыз бөлүгү сланец, кумдук, катмарланган кремний, диабаз, акиташ теги, кремнийлүү сланец, алевролит тоо тектеринен турат. Таш көмүр ж. б. кендер бар. Тоодон Исфайрам-Сай, Ак-Буура сууларынын куймалары, Абшыр-Сай, Араван-Сай суулары башталат. Түштүк капталдарына талаа жана сейрек токой-бадалдуу-шалбаалуу талаа, түндүк капталдарына талаа жана шалбаалуу талаа (2300 мге чейин), өскүлөң чөптүү шалбаа, бадалдуу арча токой (2300—3000 м), субальп жана альп шалбаасы (3000—3400 м), андан жогорку гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Чарбачылыкта жайыт, жапыз бөлүктөрү чабынды катары пайдаланылат. 2500 м бийиктикте, Мазар өрөөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Арча токоюн изилдөө илимий станциясы бар.