Кичи Үзөңгү-Кууш

Википедия дан
Кичи үзөӊгүкууш‎»‎ барагынан багытталды)
Кичи Үзөңгү-Кууш.

Кичи Үзөңгү-КуушИчки Теңир-Тоодогу суу, Чоң Үзөңгү-Кууштун сол куймасы. Жети-Өгүз районунда. Узундугу 35 км, алабынын аянты 685 км2. Борколдой кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, адегенде чыгышка (5—6 км), бара-бара түштүк-чыгышты карай агат. Өрөөнү кууш, суусу шар агат. Ири куймалары: Ичке-Суу (22 км), Кайнар (24 км; алабында аянты 0,56 км2 келген Кайнар көлү бар), Тосмо-Чоң-Капчыгай (22 км). Жылдык орточо чыгымы 3,75 м3/сек. Эң көбү июль — августта, азы март — апрелде байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]