Клара Ажибекова

Википедия дан

Ажибекова Клара (19.12.1946-ж. туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) — философия илимдеринин доктору (1991). КММИни бүгүргөн. 1970-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1983-ж. Кыргызстан КП БКнын лектору, Кыргызстан КП БКнын Политология жана социалдык башкаруу институтунун укук жана психология кафедрасынын, 1992—95-ж. БГУнун философия кафедрасынын башчысы, 1993-жылдан КРСУда психология жана философия кафедрасынын профессору. Анын эмгектери коомдук турмушгун оорчулук учурунда жаштардын диний жана атеисттик түшүнүктөрдүн механизмин изилдөөгө, илимий-техникалык революция шартында адамдын рухий экологиясынын бузулуп баратышынын философиялык маселелерин иликтөөгө арналган. 70 илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография, 3 окуу куралы — авторлош) автору. 1992-жылдан Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, төрайымы. Эмгектери: Молодёжь и проблемы психологии, религии и атеизма в условиях современной НТР. Ф., 1989.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1