Мазмунга өтүү

Классикалык буржуазиялык саясий экономия

Википедия — ачык энциклопедия

Классикалык буржуазиялык саясий экономия - бурж. саясий экономикадагы илимий багыт.

Капит. өндүрүш ыгы калыптануу мезгилинде (18-к.) пайда болгон. Негиз салуучулары: У.Петти, А.Смит, Д.Рикардо (Улуу Британия); П.Буагильбер, А.Р.Ж.Тюрго,Ф.Кенэ (Франция); Ж.Ш.Сисмонди (Швейцария).

Товар чыгарууга жумшалган эмгекти нарк булагы катары карап, нарктын эмгек теориясын негиздеген. Кошумча нарктын айрым түрүн талдоого алгач аракет жасашкан. Нарктын жалгыз гана булагы эмгек экендигине негизделип, Классикалык буржуазиялык саясий экономия өкүлдөрү пайда, процент жана рента да жумушчу эмгегинин натыйжасы деген жыйынтыкка келишкен. Бирок алар капит. эзүүнүн маңызын жана өзгөчөлүгүн, кошумча нарктын түрдүү формасынын жалпы мазмунун ачып көрсөтө алган эмес.

Классикалык буржуазиялык саясий экономиянын туура жоболору (аларды К.Маркс нукура ил. Саясий экономияны түзүүдө пайдаланган) илимге жат элементтер (ал элементтерди вульгардык саясий экономия капитализмди апыртып жактоо максатында колдонгон) менен айкалышта болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9