Классикалык көркөм искусство

Википедия дан

Классикалык көркөм искусство — белгилүү тартип менен үлгүнү сактап калган, бүт элге таанымал жана ал колдонгон көркөм искусство. Классикалык көркөм искусство өз мезгилинин эң алдыңкы прогрессивдүү мазмунуна жана ага окшош, жеткиликтүү көркөм формага ээ. Форма мазмундан артта калган же жаңы мазмун керектүү формага ээ боло электе классикалык көркөм искусство жөнүндө сөз кылууга болбойт, себеби классикалык көркөм искусство улуу мазмун менен эң сонун форманын шайкештигин талап кылат. Бул маанидеги классикалык көркөм искусствого грек демократиясынын гүлдөп өнүккөн доорунун, улуу антика устаттарынын жана Бийик, Кайра жаралуу доорунун атактуу сүрөткерлери — Леонардо да Винчи, Микеланжело, Рафаэлдин көркөм чеберчиликтери, 17-кылымдагы Европа көркөм искусство жетишкендиктеринин туу чокусу болгон Рембрандттын, демократиялык реализмдин орус сүрөтчүлөрү И. Репин, В. Суриковдун, кыргыз сүрөтчүлөрү С. Чуйковдун, Г. Айтиевдин, С. Акылбековдун ж. б. көркөм искусствосу кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]