Класстан тышкары окуу

Википедия дан

Класстан тышкары окуу - Бул термин 1886-жылы орустун окумуштуусу В. П. Шереметев тарабынан сунуш кылынган (Шереметев В. П. Соч. М.: 1897, С. 51–52). XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап бул термин педагогика илиминде жана практикада окуу сабагынын бир бөлүгү катарында жалпы билим берүүчү мектептерге киргизилген. Аны педагог тарабынан уюштурулган, окуучулардын өз алдынча көркөм, илимий-популярдуу жана башка чыгармаларды окуусу катары кабылдоо зарыл. Класстан тышкары окуу программаны мазмундук жактан кеңейтүү, тереңдетүү менен гана чектелбестен, окуучулардын сабака болгон кызыгуусун, окурмандык ишкердигин арттырып, алардын ар кандай окуу талаптарына жооп берет. Класстан тышкары окуу окуучулардын өз алдынча китеп тандоодо алардын кызыкчылыгын, табитин, канаттандыруу менен аларды нравалык, эстетикалык, аң-сезим жагынан өстүрүү, тарбиялоо каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан класстан тышкары окууну туура уюштуруу өтө маанилүү жана зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004