Класстык сабак

Википедия дан
Кластык сабак‎»‎ барагынан багытталды)

Класстык сабакмугалимдердин жетекчилигинде белгилүү программага ылайык, туруктуу расписание боюнча, таанымдык тажрыйбасы жана курагы жагынан кескин айырмаланбаган курамы туруктуу окуучулар тобу менен белгилүү убакыт алкагында уюштурулган окуу ишинин формасы.

Сабакта окутуу – окуп-үйрөнүүнүн коллективдүү жана жеке методдору өз ара тыгыз байланышта колдонулат. Окутуунун класстык сабак системасынын башкы артыкчылыгы – анда максаты ачык так, даана окуу ишине окуучулар массалык түрдө тартылат. Ал окутуунун башка жекече формаларына салыштырмалуу экономикалык жактан да пайдалуу. Мугалим окуучулардын, окуучулар бири-биринин жеке өзгөчөлүктөрүн жакшы билсе, окуучунун иш аракетинин мүнөзүнө класс коллективинин шыктандыргыч таасирин эффективдүү колдонууга болот. Окутуунун класстык сабак системасы, башка иш чаралардан айырмаланып, окуу жана окуудан тышкаркы иштердин тыгыз байланышын, өз ара биримдигин камсыз кылат. Бул системанын дагы бир башкы артыкчылыктарынын бири, анын алкагында окутуунун фронталдык, топтук, жана жекече формаларын органикалуу айкалыштырууга ийкемдүүлүгүндө.

Сабак балдарды билим, билгичтик көндүмдөрдүн системасына ээ кылуу, өздөштүргөн билимин иш жүзүндө колдоно билүүгө үйрөтүү, таанымдык дараметин, чыгармачылык жөндөм-шыктарын өстүрүү, инсандык касиеттерин калыптандыруу үчүн ар тараптуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Ю. А. Конаржевский адилет белгилегендей окуу тарбия процессии сабак менен башталып сабак менен бүтөт. Мектептеги башка жумуштардын баары сабакта түзүлгөн нерселерди толуктоо жана өнүктүрүүгө багытталып көмөкчү рол ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]