Мазмунга өтүү

Клейн бети

Википедия — ачык энциклопедия

Клейн бети, Клейн бөтөлкөсү — бир жактуу туюк бет. Клейн бети үч өлчөмдүү мейкиндикте эки жагы ачык түтүктү ийип, анын ичке учун түтүктүн каптал жагынан тешип өткөзүп жана жоон учун түтүктүн ичин көздөй, ичке учун сыртты көздөй кайрып, эки четки учтарын бири бирине чаптаганда өзүн өзү кесүүчү клейн бети алынат. Өзүн өзү кеспөөчү клейн бети 4 өлчөмдүү мейкиндикте гана болушу мүмкүн. Клейн бетинин касиеттери топологияда текшерилет. Бул бетти немец математиги Ф. Клейн (1874) изилдеген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]