Клетка капталы

Википедия дан

Клетка капталы - химиялык курамы боюнча өзгөчө, протопластты курчап турган жана цитоплазмалык мембрана менен тыгыз байланышкан кабыкча. Бактериялардын К. к-нын калыңдыгы 10-50 нм. Клетканын кургак массасынын 10-50 % түзөт. Көпчүлүк бактериялардын жана көк-жашыл балырлардын К. к-нын курамына таяныч каркасын түзүүчү бир түрдүү полимер-пептидогликан (муреин) кирет. Бактериялардын ар кандай түрлөрүндөгү пептидогликандын курамынын жана түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү – маанилүү таксономиялык белги. Микобактериялардын К. к-нын курамына липиддер кирет. Грамоң бактериялардын К. к-нда тейхой жана тейхурон кислоталары, полисахариддер жана белоктор кармалат.

Бактериялардын К. к-нда пептидогликандары лизоцим же автолиздик ферменттин таасири астында бузулушу мүмкүн, бул болсо сферопласттардын жана протопласттардын пайда болшуна алып келет. Протопласттар өзүнүн К. к-ын кайра иштеп чыгып жаңыртууга жөндөмдүү. Бактериялардын протопласттары бактериофагдардын, вирустардын таасирин сезишпейт. Натыйжада, бактериялардын К. к-нын компоненти бул вирустарга каршы антигендик касиетке ээ.

Гетеротрофтук бактериялардын К. к-нда клеткадан тышкары ажыроого жана орг. молекулалардын метаболизмине катышуучу ферменттер жайгашкан.

Бактериялардын К. к. коргоо, тирөөч, ошондой эле өткөргүчтүк кызматты аткарат жана клеткага белгилүү бир форманы берип турат.

Өсүмдүктөрдүн К. к. плазмалык мембрананын катышуусунда түзүлөт жана экстраклеткалык (клеткадан тышкаркы) көп катмарлуу түзүлүш жана клетканын үстүнкү бетин коргоочу өсүмдүктүн клеткасынын сырткы скелети катары кызмат аткарат. К. к. эки компоненттен - сууну кармаган коймолжун сымал матрикстен жана тирөөч кызматын аткаруучу фибриллдик системадан турат. Көп учурда К. к-нын курамына ага катуулук берүүчү кошумча полимердик заттар жана туздар кирет.

К. к-нын химиялык курамы негизинен полисахариддерден турат. Матрикстин курамына концентрацияланган жегичтерде (щелочтордо) эрүүчү полисахариддер, гемицеллюлозалар жана пектин заттары киришет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]