Кликандер

Википедия дан
Макаланын прембуласы жок. Тагыраак айтканда, кыскача түшүнүк берилген эмес (мис., Кликандер - бул...).
Макала энциклопедиялык эмес стилде жазылган.


Кликандер - Эгер сиз интернетке көп убактысын сарптоочулардын катарында болсоңуз, анда кликандер сиздин кыжырыңызга тийген нерсе болушу ыктымал. Мисалы, Google издөө системине керектүү нерсеңизди жазсаңыз, жайнаган варианттар чыгат эмеспи. Арасынан тиешелүүсүн тандап, түрдүү сайттарга кирип барасыз. Көпчүлүк сайттардан сүрөт, видеону көрүү үчүн тиешелүү кнопканы бассаңыз, ар түрдүү нерселерди жарнамалаган кликандерлер келип чыгат. Аны басып алсаңыз, кийинки баракчада кликандерге илинген жарнама ачылып калат. Ал жакта кийим-кече, интернет дүкөндөр, косметикалык каражаттар, уюлдук операторлор же эс алуучу жайлардын жарнамалары жайгаштырылышы мүмкүн. Жакшы жери – сиздин көрөйүн деген сүрөт же видеоңузга кесепетин тийгизбей, өзүнчө баракчада ачыла берет.