Клинт Иствуд

Википедия дан

Клинтон "Клинт" Иствуд кичүүсү (англ. Clint Eastwood;1930- жылдын 31-майында туулган) - америкалык актер, режиссер, музыкант, жана саясий ишмер. "Ийленбеген тери" (англ. Rawhide) деген телесериалда ийгиликтүү тартылган соң, 1960-жылдарда тартылган Леоне Сержонун "Доллар" (англ. Dollars) деген вестерн тасмасындагы ролу менен атагы чыккан. Ошондой эле "Жаман Харри" (англ. Dirty Harry) тасмасында дагы ойногон. Бул жана башка ролдору К. Иствудду жылдызга айландырган.

"Кечирилбес" (англ. Unforgiven, 1992) вестерн тасмасы жана "Миллион долларлык спортчу кыз" (англ. Million Dollar Baby, 2004) тасмасы үчүн "Эң мыкты актер" жана "Эң мыкты фильм" номинацияларында "Оскар" сыйлыгын жеңип, дагы көптөгөн номинацияларда сыйлыктарга көрсөтүлгөн. К. Иствудга эң киришелүү болгон фильм "Кандай болгон күндө дагы жеңишке жетүү керек" (англ. Every Which Way But Loose, 1978) тасмасы жана анын уландысы болгон. Анын башка таанымал тасмаларына "Аларды жогору көтөр" (англ. Hang 'Em High, 1968) вестерн тасмасы, "Мага "Misty" чыгармасын коюп бер" (англ. Play Misty for Me, 1971), "Дөөпөрөс жана жөө күлүк " (англ. Thunderbolt and Lightfoot, 1974), "Жоси Уэйлс мыйзамды сактабайт" (англ. The Outlaw Josey Wales, 1976), "Алкатрастан качуу" (англ. Escape from Alcatraz, 1979), "Кыпкызыл түлкү" (англ. Firefox, 1982), "Сыйыртмак" (англ. Tightrope, 1984), "Бопбоз атчан" (англ. Pale Rider, 1985), "Бүркүт уча албаган жер" (англ. Where Eagles Dare, 1968), "Жараланган жүрөктөрдүн ашуучу (англ. Heartbreak Ridge, 1986), "Оттун жалынында" (англ. In the Line of Fire, 1993), "Мадисондогу көпүрөлөр" (англ. The Bridges of Madison County, 1995), жана "Гран Торино" (англ. Gran Torino, 2008) кирет.

К. Иствуд өзү режиссер болгон тасмаларында дагы ойногон,бирок, өзүнүн "Табышмактуу дарыя" (англ. Mystic River, 2003), "Ивожимадан кат"(англ. Letters from Iwo Jima, 2006), "Чоочун бала" (англ. Changeling, 2008) тасмаларында ойногон эмес. Ивожимадан кат" (англ. Letters from Iwo Jima, 2006) тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыгынын номинацияларына талапкер болгон. "Снайпер" (англ.Америкалык Sniper, 2014) тасмасы прокатта болуп көрбөгөндөй киреше алып келип, Иствуддун тасмаларинин эң жакшысы болуп калды.

К. Иствуд АКШда өтө эле баалана бербеген айрым тасмалари Францияда жогору баага татыктуу болгон. Ал Франциянын эки эң жогорку сыйлыгына ээ болгон. 1994-жылы "Искусство жана адабият" орденинин командору болсо, 2007-жылы Франциянын "Ардактуу легион" орденин алган. 2000-жылы чыгармачылыктагы жетишкендиктери үчүн Италиядагы Венеция кинофестивалында "Алтын арстан" сыйлыгын алган.

1967-жылдан тартып К. Иствуд "Malpaso" кинокомпаниясын жетектеп келет, ал киностудияда өзүнүн төрт америкалык тасмасынан башка бардык тасмаларин тарткан 1986-жылдан тартып Калифорниядагы "Кармел бай -зе -си" шаарынын коомдук кабылдамасында мэр болуп турган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]