Мазмунга өтүү

Клиппертон

Википедия — ачык энциклопедия
Клиппертон
фр. Île de Clipperton

Клиппертон аралынын картасы
Координаттар: 10°18′ с. ш. 109°13′ з. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

8,9 км²

Эң бийик чекити

29 м

Калкы

0 адам (2026-жыл)

Калкынын жыштыгы

0 адам/км²

Жайгашуусу
Астрономиялык объект

Жер

Өлкө

 Франция

Аймак

Франциянын деңиздин ары жагындагы

Акватория

Тынч океан

Клиппертон (Тынч океан)
Клиппертон
Клиппертон Викиказынада

Клиппертон (фр. Île de Clipperton же фр. Île de la Passion; исп. Isla Clipperton; англ. Clipperton Island) — Тынч океанынын чыгыш бөлүгүндө, Коста-Риканын батышында жайгашкан коралдык атолл (шакек сымал арал)[1]. Арал Францияга таандык жана деңиздин ары жагындагы административдик-аймактык түзүлүш макамына ээ. 2007-жылдын 21-февралына чейин административдик жактан Француз Полинезиясына баш ийсе, учурда түздөн-түз Франция өкмөтү тарабынан башкарылат[2][3].

Клиппертон Мексиканын жээгиндеги Акапулько шаарынан 1240 км алыстыкта жайгашкан. Эң жакынкы кургактыкка чейинки аралык 945 кмди түзөт (бул Ревилья-Хихедо архипелагындагы Мексикага караштуу Сокорро аралы)[4][5][6]. Клиппертондун жалпы аянты лагунасы (ички көлү) менен бирге 9 км² (анын 1,7 км² — кургактык).

Арал бири-бирине жакын жайгашкан акиташ катмарларынын шакекчесинен турат. Бирок аны толук кандуу атолл деп айтуу кыйын, себеби түштүк-чыгыш бөлүгүндө коралдык кыртыштын астында, бийиктиги 29 метрлик жанар тоодон калган аскалар бар. Башкача айтканда, формалдуу түрдө ал ядролук атолл деп эсептелиши мүмкүн, бирок аянты кичинекей болгондуктан, бул жанар тоо аскасы аралдын экологиясына олуттуу таасир этпейт.

Коралдык шакекче сүйрү формада болуп, түндүк-батыш жана түштүк-чыгыш огу боюнча даана симметрияга ээ. Бул шакекче үзгүлтүксүз созулуп, ички лагунаны океандан бөлүп турат. Дүйнөдө мындай ичке кургактык тилкеси ушунчалык чоң лагунаны толук курчап турган атоллдор абдан сейрек кездешет. Аралдын эң узун тарабы 4 км, ал эми жээк сызыгынын жалпы узундугу 12 км. Атоллдун эң жазы кургактык бөлүгү (болжол менен 400 м) түндүк-батыш жээгинде жайгашкан, ал эми орточо жазылыгы 200 метрди түзөт. Жээгинин деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги — 4 метрдин тегереги.

Океан тараптан арал суунун тартылуу деңгээлиндеги риф платформасы менен курчалган. Океан жээгинде эч кандай жарым аралдар же аскалар жок, ал эми лагуна тараптагы жээги тегиз эмес болуп, майда жарым аралдар менен булуңдардан турат. Түндүк жээгинин ортосунда лагунага карай үч бурчтуу Верт тумшугу (фр. Pointe Verte — Жашыл тумшук) жайгашкан. Истм жарым аралынын (фр. Isthme — моюн) эң четки уч бөлүгүндө Клиппертон аскасы (фр. Rocher Clipperton) жайгашкан; андан түндүгүрөөктө Пус тумшугу (фр. Pointe Pouce — Баш бармак тумшугу) жайгашкан. Истм жарым аралы менен кургактыктын ортосунда Роше булуңу (фр. Baie du Rocher — Аска булуңу) бар. Жанар тоо аскасынын батыш тарабында Кроше жарым аралы (фр. Le Crochet — Крюк жарым аралы) жайгашкан.

Атолдун түштүк-батышында, Пенс булуңунун (фр. Baie de la Pince — Кычкач булуңу) жээгинде кароосуз калган конуш жана кокос пальмаларынын чоң токою бар. Бул булуң Пенс-Норд (Түндүк кычкач) жана Пенс-Зюд (Түштүк кычкач) деп аталган эки жарым аралдын ортосунда жайгашкан. Лагунанын түндүк-батыш жээгинде беш Эгг аралдары (фр. Illes Egg же фр. Île des Œufs — Жумуртка аралдары) орун алган[7].

Аралдын лагунасы терең, айрым жерлеринде 22 метрден 43 метрге чейин жетет. Бир чекитте тереңдикти өлчөө мүмкүн болгон эмес, ал жерде курамында күкүрт кислотасы абдан көп болгон туруп калган суу бар[8]. Лагунада балык жашабайт.

Аралдын климаты тропиктик, температуранын кескин өзгөрүүсүз, бирок мезгилдүү нөшөрлөгөн жаандар жана бороон-чапкындар болуп турат[9]. Аба ырайынын өзгөрүшү тропикалык циклондордун активдүүлүгүнө байланыштуу, ал август, сентябрь жана октябрь айларында эң күчтүү абалына жетет. Клиппертондо орточо айлык температура +26,7 °C сейрек төмөндөйт, ал эми июнь айында +28 °C чейин көтөрүлөт. Күндүзгү жана түнкү температуранын айырмасы өтө аз. Клиппертон экваторго жана төмөнкү басым алкагына жакын жайгашкандыктан, мында атмосфералык басым дайыма төмөн болот. Деңиз деңгээлиндеги орточо аба басымы 1002—1010 миллибарды түзөт. Кыш айларында көбүнчө түндүк-чыгыш тараптан шамал согот. Жайында циклондордун таасири менен шамалдын багыты өзгөрүп турат, ал эми август-октябрь айларында негизинен түштүк-батыш шамалдары үстөмдүк кылат. Клиппертон жайгашкан аймакта Кариб деңизиндегидей кыйраткыч куюндар болбосо да, бороон-чапкындар тез-тез катталып турат. Жаан-чачындуу мезгил май айынан октябрга чейин созулат[10]. Арал жылуу океан агымдарынын курчоосунда орун алгандыктан климаты жумшак келет[11][12].

Клиппертон аралынын климаты аба ырайы
Көрсөткүч Үчт Бир Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Жыл
Абсолюттук максимум, °C 32,0 32,2 32,8 33,3 33,1 32,5 31,8 31,7 31,6 31,8 31,9 31,7 33,3
Орточо максимум, °C 29,5 29,8 30,2 30,5 30,3 29,6 29,1 29,1 29,0 29,1 29,2 29,2 29,6
Орточо температура, °C 26,5 26,8 27,2 27,5 27,3 26,8 26,4 26,3 26,2 26,3 26,4 26,3 26,7
Орточо минимум, °C 23,5 23,8 24,2 24,5 24,3 24,0 23,7 23,5 23,4 23,5 23,6 23,4 23,8
Абсолюттук минимум, °C 21,0 21,5 22,0 22,2 22,0 21,8 21,5 21,1 21,0 21,2 21,4 21,1 21,0
Жаан-чачын нормасы, мм 80 60 70 150 250 310 330 370 390 300 210 120 2 640
Суунун температурасы, °C 27,2 27,4 27,8 28,3 28,5 28,1 27,7 27,5 27,3 27,2 27,3 27,1 27,6
Булак: Franceweather
  1. Glynn, P. W.; Veron, J. E. N.; Wellington, G. M. (June 1996). "Clipperton Atoll (eastern Pacific): oceanography, geomorphology, reef-building coral ecology and biogeography". Coral Reefs 15 (2): 71–99. Bibcode 1996CorRe..15...71G. doi:10.1007/BF01771897. ISSN 0722-4028. http://link.springer.com/10.1007/BF01771897. Retrieved 3 April 2023.
  2. Fisher, Denise (16 March 2022). "L'Indo-Pacifique et la souveraineté de la France en Océanie". Outre-Terre 6061 (1): 467–503. doi:10.3917/oute2.060.0468. https://www.cairn.info/revue-outre-terre-2022-1-page-467.htm. Retrieved 29 July 2022.
  3. Bempéchat, Paul-André (2017). Jean Cras, Polymath of Music and Letters. Taylor & Francis. ISBN 978-1-351-56175-4. Archived from the original on 5 April 2023. Retrieved 18 February 2022. In India, French settlements included Pondicherry, Karikal, Yanaon, Mahé and Chandernagore; and in Oceania, Clipperton, New Caledonia, French Polynesia, Vanuatu (shared with the British Empire)
  4. Hinz, Earl R.; Howard, Jim (2006). Landfalls of Paradise: Cruising Guide to the Pacific Islands. University of Hawaii Press. ISBN 978-0-8248-4518-6. Archived from the original on 4 April 2023. Retrieved 4 February 2022. French Polynesia operates as a CEPT country under French authority, but still requires local permission and a local call sign (as do the other French colonies in Oceania: Clipperton, New Caledonia, and Wallis and Futuna.)
  5. Todd, Ian (1974). Island Realm: A Pacific Panorama. Angus & Robertson. p. 190. ISBN 978-0-207-12761-8. Archived from the original on 4 April 2023. Retrieved 2 February 2022. On the other side of Oceania, about 1,800 miles (2,897 km) west of the Panama Canal, is another French possession, Clipperton Island.
  6. Mustin, Lloyd Montague; Winkler, David F. (2024). Witness to Neptune's inferno: the Pacific War diary of Lieutenant Commander Lloyd M. Mustin, USS Atlanta (CL 51). Havertown, PA: Casemate Publishers. ISBN 978-1-63624-407-5. OCLC 1395066970.
  7. Charpy, L.; Rodier, M.; Couté, A.; Perrette-Gallet, C.; Bley-Loëz, C. (2010). "Clipperton, a possible future for atoll lagoons". Coral Reefs 29 (3): 771–783. Bibcode 2010CorRe..29..771C. doi:10.1007/s00338-010-0627-0. ISSN 0722-4028. http://link.springer.com/10.1007/s00338-010-0627-0. Retrieved 31 March 2023.
  8. Galand, Pierre E.; Bourrain, Muriel; De Maistre, Emmanuel; Catala, Philippe; Desdevises, Yves; Elifantz, Hila; Kirchman, David L.; Lebaron, Philippe (2012). "Phylogenetic and functional diversity of Bacteria and Archaea in a unique stratified lagoon, the Clipperton atoll (N Pacific)". FEMS Microbiology Ecology 79 (1): 203–217. Bibcode 2012FEMME..79..203G. doi:10.1111/j.1574-6941.2011.01209.x. PMID 22029483.
  9. Sachet, Marie-Hélène (1962a). "Geography and land ecology of Clipperton Island". Atoll Research Bulletin 86: 1–115. doi:10.5479/si.00775630.86.1. ISSN 0077-5630.
  10. Sachet, Marie-Hélène (1962a). "Geography and land ecology of Clipperton Island". Atoll Research Bulletin 86: 1–115. doi:10.5479/si.00775630.86.1. ISSN 0077-5630.
  11. ChristianJost Bienvenue sur l'île de La Passion ... Clipperton! (фр.) (2014).
  12. Tchékémian, Anthony (2021). Clipperton, les restes de La Passion: regards sur le seul atoll corallien français dans l'océan Pacifique nord-oriental [Clipperton, the remains of La Passion: a look at the only French coral atoll in the Northeastern Pacific Ocean] (in французча). Pointe-à-Pitre, Guadeloupe: Presses universitaires des Antilles. ISBN 979-10-95177-18-0. OCLC 1289359277.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]