Клуб Винкс
![]() Клуб Винкс
| |
Winx.jpg Лого | |
Жанр |
драма, мелодрама жана фантастикалык телесериал |
---|---|
Жараткан |
Иджинио Страффи |
Мамлекет | |
Түпнуска тили |
италян тили жана англис тили |
Сезондордун саны |
8 |
Сериялардын саны |
208 эпизод |
Өндүрүш | |
Продюсер |
Иджинио Страффи |
Режиссёр |
Иджинио Страффи |
Сценарий |
Иджинио Страффи Франческо Артибани Шон Молино Джеффри Хилтон |
Тартылган жерлер |
Rainbow S.p.A. студиясы |
Хронометраж |
22-24 мүнөт |
Трансляция | |
Телеканал |
Rai 2 (2004—2014), Rai Gulp (2007—2017), Rai YoYo (2015—бүгүнкү күнгө чейин) |
Экрандарда |
28-январь, 2004-жыл |
Байланышкан шоулар |
PopPixie,Winx Club – Discovering Italy's Magic (веб-сериал), World of Winx, Winx Avatar Story (веб-сериал) жана Fate: The Winx Saga (жандуу актерлор менен тартылган сериал) |
Статус |
аяктаган |
Шилтемелер | |
IMDb |

Клуб Винкс (англ. Winx Club) — Иджинио Страффи тарабынан түзүлгөн италиялык анимациялык фантастикалык телесериал. Ал Rainbow S.p.A., RAI жана Nickelodeon тарабынан биргеликте өндүрүлгөн. Сериал үч толук метраждуу тасманы жана бир нече спин-оффторду, анын ичинде жаштарга арналган жандуу актерлор катышкан адаптацияны жараткан.
Бул фантастикалык телесериал алты перинин жана алардын укмуштуу окуяларынын айланасында өнүгүүчү заманбап фантастикалык сага. Башкы каармандар Блум, Стелла, Флора, Айша, Текна жана Муза Магикс дүйнөсүндө жашап, күнүмдүк жашоосунда сабактарга катышып, сүйүү сезимдерин баштан кечирип, пикир келишпестиктерге туш болуп жана чыныгы достуктун күчүн сезишет. Керек учурда алар супер-баатырларга айланып, жамандыкты жеңүүгө жана коркунучка кабылган адамдарды куткарууга даяр болушат.
Аталышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сериалдын аталышы англ. wings («канаттар») сөзүнөн келип чыккан. Башында, долбоор Magic Bloom деп аталган, бирок 2002-жылы Winx: Just Fairies болуп өзгөртүлүп, 2003-жылы акыркы аталышы Winx Club болуп калган.
Иджинио Страффи 1999-жылы алгачкы эскиздерди өзү тарткан. Баштапкы версияда каармандардын көрүнүшү азыркыдан айырмаланган: Блум, Стелла жана Текнанын көрүнүшү дээрлик өзгөрүүсүз калган, бирок Флора менен Музанын сырткы келбети кескин айырмаланган. Флора башында кызгылт көк чачтуу жана көз айнекчен болсо, Муза жашыл чачтуу жана периштеге окшош кулактары бар болуп сүрөттөлгөн. Ошондой эле, бардык каармандардын периштелик формалары азыркыдан такыр башкача болгон.
Пилоттук эпизод тесттик аудиторияга көрсөтүлгөндө, көрүүчүлөр анын орто кылымга шыктандырулган стилин жактырган эмес. Ошондуктан, Страффи каармандардын көрүнүшүн өзгөртүү үчүн мода дизайнерлеринин жардамын сураган.
Сезондордун тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сезон | Эпизод | Алгачкы көрсөтүү | Акыркы көрсөтүү |
---|---|---|---|
1 | 26 | 28.01.2004 | 26.03.2004 |
2 | 26 | 19.04.2005 | 14.07.2005 |
3 | 26 | 29.01.2007 | 28.03.2007 |
4 | 26 | 15.04.2009 | 13.11.2009 |
5 | 26 | 16.10.2012 | 15.06.2013 |
6 | 26 | 06.01.2014 |
Сезон | Эпизод | Алгачкы көрсөтүү | Акыркы көрсөтүү |
---|---|---|---|
1 | 26 | 21.04.2008 | 28.05.2008 |
2 | 26 | 29.05.2008 | 04.07.2008 |
3 | 26 | 07.07.2008 | 11.08.2008 |
4 | 26 | 08.12.2009 | 20.01.2010 |
5 | 26 | 28.10.2012 | 20.12.2013 |
6 | 26 | 16.04.2014 |
Мазмуну
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1- эпизод "Капысынан болгон окуя" (Una fata a Gardenia)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Блум — он алты жашар кыз, бирок бир күнү Стелла аттуу периштеге жардам берип жатканда, өзүндө да сыйкырдуу күчтөр бар экенин билет. Ал Алфея мектебине периште болууну үйрөнүү үчүн аттанат.
2-эпизод "Магикске кош келиңиз!" («Benvenuti a Magix!)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Блум Алфеяда жаңы курбулары – Муза, Текна жана Флора менен таанышып, Магикс шаарына барганда Трикс аттуу үч желмогузга туш келет.
Видео оюндар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Клуб Винкс оюндарын PlayStation 2, PlayStation Portable, Game Boy Advance, Nintendo DS, Wii жана Microsoft Windows платформаларында ойноого болот. Оюндардын көбүн Konami компаниясы чыгарган, ал эми Winx Club: Believix in You оюнун Namco Bandai Games жарыялаган.
Клуб Винкс расмий дүкөнү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]