Ключевский Василий Осипович
Ключевский Василий Осипович [16(28).1.1841, Пенза губерниясы, Воскресенский кыштагы — 12(25).5.1911, Москва] — орус тарыхчысы. Тарых илимдер доктору (1882), профессор (1882). Петербург ИАнын корреспондент мүчөсү (1889), академик (1900), ардактуу академик (1908). Москва университетин бүткөн (1865). Падышалык жеке бийликти, анын өкүлдөрүн сынга алганы менен буржуазиялык-помещиктик түзүлүшкө каршы чыккан эмес. 19-кдын аягынан монархияны колдой баштаган. 1860-жылдардан орус элинин тарыхын, чарбасын, тиричилигин изилдеген. 1880-жылдары коомдун тарыхындагы социалдык жана экономикалык факторлорду талдап, орустун буржуазиялык тарыхнаамасына жаңылык киргизген. Социалдык-экономикалык формациялардын ырааттуулук менен алмашуу мыйзамын танып, доорлорго бөлүүдө орустун Чыгыш Европа түздүгүн колониялоо этаптарын негизги өбөлгө катары туткан. Эмгектери: Сочинения: В 9 т. М., 1987-1990; Афоризмы и мысли об истории. М., 2007.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9