Кнорринг бүтөөсү
Кнорринг бүтөөсү (лат. Delphinium knorringianum, B. Fedtsch.) - Сабагынын бийиктиги 35-45 см келип, түбү оркойгон булалуу. Жалбырактары негизинен түбүнө жакын жайгашып, узун, аздыр-көптүр түктүү жалбырак саптуу. Жалбырак пластинкасы манжадай 5 тескери жумурткадай бөлүктүү, бөлүктөрүнүн учтары 3 айчыктан турат. Сабагы жогору жагынан бир-эки айрыдай бутактанган, 2-4 гүл сабы бар. Гүл жалбырактары сызгычтай, гүл сабынан бир нече эсе кыска, учу тегерек, түктүү. Гүл коргонун желекчелери жазы эллипс-жумуртка сымал, сыртынан бир аз түктүү. Текөөрчөсү ичке, узун, цилиндрдей, аздыр-көптүр булалуу, учу ачаланган. Нектарниктери жана стаминодиялары сыя-көк.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Июнда гүлдөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атойнок тоо кыркасынын түндүк беттери, Түркстан тоо кыркасынын түндүк чокулары, Алай тоо кыркасынын түндүк беттери.
Өсүү шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Төмөнкү жана ортоңку алкактардын таштуу жана аскалуу тоо беттери.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өтө аз санда учурайт.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жайыттарда мал жайып, ченемсиз оорчулук келтирүү.
Өстүрүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иштелип чыккан эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ареалынын чегинде популяциясынын абалын тактоо зарыл.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]V U . Сейрек кездешкен, реликт, үзгүлтүктүү ареалдуу, Кыргызстандын декративдүү эндем түрү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2