Кобза

Википедия дан

Кобза — 1) байыркы лютня сымал кылдуу чертме музыкалык аспап. Чыгыш Украинада пайда болгон деген божомол бар; 2) румын-молдавандардын 4 кылдуу лютня сымал кылдуу чертме музыкалык аспабы. Кээде Кобза же бандура бир эле аспапты түшүндүрөт (кобза-бандура). Кобзанын корпусу жарым сфералык, кыска моюндуу, 5-8 кылдуу. 18-19-кылымда аспапка дагы кылдар кошулган. Жалпы узундугу 520-530 мм. Плектор менен чертилет. Жеке, ансамблде жана оркестрде аспап катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]