Ковалев, Александр Александрович

Википедия дан

Ковалёв Александр Александрович (1921, Москва областтык, Люберцы) — геолог, геология-минералогия илимдер доктору (1970), СССРдин мамлекеттик сыйлыгына эки жолку лауреаты. Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1943). Кыргыз ССРинин Геология башкармасынын геологиялык партияларында жана экспедицияларында улук, башкы геолог болуп иштеген. Кийин МГУда эмгектенгенетикалык Кыргызстандагы уран кендеринин бирин ачууга жана чалгындоого активдүү катышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]