Кодификация
Көрүнүш
Кодификация (кийинки лат. codificftio , лат. codex – мыйзамдар жыйнагы жана facio – кылам) – жаңы, тутумдаштырылган ченемдик укуктук актыларды түзүү боюнча мамлекеттик укук жаратуучу органдардын ишмердүүлүгү. Ал иштеп жаткан мыйзамдарды терең жана артараптуу талдоо аркылуу ишке ашырылат. К-нын жүрүмүндө мыйзам тулкусунан эскирип калган ченемдик укуктук материалдар чыгарылып ташталат да, калган ченемдик укуктук актылары ичара тыгыз байланыштырылат жана өзара жылмалаштырылат, анан өзалдынча тармактык мазмунга ээ болгон кодификацияланган актынын түзүмү куралат. К. дайыма ырасмий мүнөзгө ээ болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7