Кожакметов, Жакүл

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кожакметов, Жакүл (1921,  Кызыласкер району – 1975, Фрунзе) – сүрөтчү, живописчи. Ленинграддагы И. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүткөн (1953). Фрунзе сүрөт окуу жайында окутуучу (1953–59, 1962–67) жана анын директору (1959–62). Кыргызстан сүрөт фондунун башкы сүрөтчүсү (1970–75). чыгармачылыгынын 1950-жылдарда республикалык, республикалар аралык көргөзмөлөргө катышуу менен баштаган. К. өз полотнолорунда негизинен тарыхый окуяларды чагылдырган. Мисалы, “Фрунзенин отрядына карай” (1958), “Акыркылар” (1957) жана башка Учурдагы турмуштан алынган “Жумуштан кайтуу” (1952), “Балерина” (1957), “Чек арачылар” (1975) жана башка чыгармаларын жараткан. К. чебер портретчи катары да белгилүү болгон. Медалдар менен сыйланган. Анын сүрөттөрү Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин экспозициясынан орун алган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]