Кожеков, Жаңыбай

Википедия дан

Кожеков, Жаңыбай (1869–1942, Жумгал өрөөнү) – манасчы. Анын жети атасы (Айдарбек, Сүйүмбай, Сакечүк, Теңирбай, Сары, Жаманкара, Кожек) “Манас” айтып, манасчылык атадан балага өтүп, мурас катары сакталып келген.

Кожеков Жаңыбай “Манасты” атасы Кожектен үйрөнүп, 16 жашынан айта баштаган. “Манастан” – “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң Казат” эпизоддорун жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторун толук айткан. Кожеков Жаңыбай Мифтаков тарабынан Кожековдын 1936-жылдын аяк оона айынан тартып, 1937-жылдын жалган куран айына чейин 100 басма табак көлөмүндө “Семетейди” толук жана “Манастан” үзүндү жазылып алынган, көлөмү 19445 сап ыр. Кожеков Жаңыбай манасчыдан эпостун биринчи бөлүмү боюнча жазылган тексттердин арасында чыгарманын алгачкы окуялары да бар. Бирок аягына чыга жазылбай калган. Кожеков Жаңыбай Мифтаков “Манастын санжырасы” деген тема коюп жазган материалдар кара сөз түрүндө. Муну манасчы кара сөз менен айтканы, же мурда өзү ыр менен баяндоочу окуяларды кыска берүү максатында (кийинки ыр менен айтылган тексттер да кыскартылган үлгүдө берилгени даана байкалып турат) гана ушул түрдө айтканы белгисиз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз адабияты (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8