Кожобеков Калмурза

Википедия дан

Кожобеков Калмурза (1894, Акбулак айылы - 1962, ошол эле жер) - комузчу; Токтогулдун айылдашы, шакирти.

12 жашынан Токтогулду ээрчип комуз үйрөнөт. Совет доорунда колхоздун ар кандай жумуштарында, жергиликтүү токой чарбасынын кароолчусу болуп иштейт. 1956-жылдын октябрь-ноябрь айларында москвалык музыка изилдөөчү В. С. Виноградов, композитор А. Аманбаев Кетментөбөдө фольклордук экспедицияда болуп, К-дан Токтогулдун 17 күүсүн жазып алат. В. Виноградов К-дун Токтогулдун музыкалык мурастарын көп билээрин, комуз черткенде көзүн жумуп алып, өтө берилип, эргип, кол ойнотпостон, салабаттуу, салмактуу чертээрин баса белгилеген.

Андан К-дун улуу устатынын “Насыйкат”, “Өзбек күү”, “Орусча кайырма”, “Уктаганда ойготуу”, “Насыйкат”, “Басма күү”, “Камбаркан” аттуу ж. б. күүлөрдү тасмага жазып алып нотага түшүрүп, ал күүлөрдү Москвадагы мамлекеттик музыкалык басмадан чыккан “Токтогулдун музыкалык мурасы” аттуу көлөмдүү китебине жарыялайт. Бул болсо Токтогулдун музыкалык мурастарын ар тараптан иликтенишине жол ачат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5