Кожобеков Муратбек Чалаке уулу,

Википедия дан

Кожобеков Муратбек Чалаке уулу, 1958-ж. туулган. КМУ- нун тарых бөлүмүн аяктаган. 1987-1992 жж. Кыргыз Илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенген. Энесай кыргыздарынын этностук-маданий тарыхы боюнча адис. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент. М.Ч.Кожобековдун илимий изилдөөчүлүк багыты кыргыз тарыхынын Энесай дооруна багышталган. Автордун калемине Энесай кыргыздарынын (5-12-кк.) этностук тарыхына, этногенезине, материалдык жана руханий маданиятына байланышкан эмгектер таандык. Изилдөөчүнүн байыркы кыргыздардын Тан доорундагы Кытай, Тибет, Түрк каганаттары, түргөштөр жана башка менен саясий-дипломатиялык, чарбалык уклады, жазма маданияты боюнча эмгектерин белгилөөгө болот. Мындан сырткары, автор байыркы кыргыздардын салттуу маданияты, каада-салты, тамак-ашы, диний жөрөлгөлөрү, философиялык-диний көз караштары, уруулук курамы, мамлекеттик түзүлүш структурасы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]