Кожокелең, Кара-Суу району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кожокелең, Кара-Суу районуОш облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Папан айыл округуна караштуу. Кичи Алай өрөөнүндөгү Жиптик-Суу суусунун өйүз-бүйүзүндө, деңгээлинен 1995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 120 км. Ош темир жол бекетинен 90 км. Калкы 1486 (2007); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]