Кожокелең көмүр кени
Көрүнүш
Кожокелең көмүр кени - Ош облусунун Кара-Суу районунда. Автомобиль жолу боюнча Папан кышаарынан 43 км, Жиптик-Суу (Кожокелең) суусунун төмөнкү агымында. Кен 1936-жылдан бери белгилүү. 1989-ж. Кожокелең-ll участкасы чалгындалган. Көмүр юра катмарынын төмөн жагы менен байланышкан. Көмүр кабатынын калыңдыгы 0,35 мден 9,40 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн сапаты начар изилденген. орточо күлдүүлүгү 10,3%. Кожокелең-ll участкасынын запасы 60 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9