Козгоо (дүүлүгүү) теориясы
Козгоо (дүүлүгүү) теориясы – кандайдыр бир кичине параметрлерди камтыган, физикалык системаларды баяндаган теңдемелерди жакындатып чыгаруунун жалпы ыкмасы.
Козгоо теориясы ушул системаларга аракеттенген тышкы таасир (дүүлүгүү) кичине деп эсептелген учурда гана колдонулат. Козгоо теориясы ыкмасынын мааниси төмөнкүчө. Адегенде «козголтулбаган» (дүүлүктүрүлбөгөн) системалардын жөнөкөй чыгарылышы табылат, андан кийин ушул чыгарылыштын жардамы менен козгоо (дүүлүгүү) киргизген түзөтүүлөр эсептелет. Түзөтүү киргизилгенден кийинки чыгарылышты, андан кийинки түзөтүүлөрдү табууга пайдаланууга болот ж. б. Ошентип Козгоо теориясы чыгарылышты удаалаш (этаптар б-ча) тактоого алып келет. Ошондуктан Козгоо теориясы удаалаш жакындатуу ыкмасы деп да аталат. Чыгарылыш катар түрүндө алынат, катардын даражалары козгоону (дүүлүгүүнү) мүнөздөөчү өлчөмсүз чоңдуктар болот. Чындыгында эле козгоо (дүүлүгүү) кичине болгон учурда алынган катардын ар бир кийинки мүчөсү мурдагысынан аябагандай аз болот. Ошондуктан катардын биринчи мүчөсү менен гана чектелүүгө болот (биринчи кошумча м-н). Айрым учурда ушул себептен Козгоо теориясы кичине параметр ыкмасы деп да аталат. Алгач Козгоо теориясы асман механикасында үч зат маселесин жакындатып чыгарууда колдонулган. Бул жерде козголбогон (дүүлүкпөгөн) маселенин ролун, эки зат үчүн Кеплер маселеси ойнойт. Үчүнчү заттын кыймылы пайда кылган козголуу (дүүлүгүү) аз деп эсептелет да, кыймыл теңдемесинин кичине мүчөлөрү менен берилет.
Козгоо теориясы квант механикасынын негизги теңдемеси болгон Шрёдингер теңдемесин чыгаруунун негизги ыкмаларынын бири жана өз ара аракеттешүүнү төмөнкүдөй экиге бөлүүгө мүмкүн болгон бардык учурда колдонулат: негизги системанын абалын толук аныктай турган учур, салыштырмалуу аз мааниге ээ – системанын абалынын аз гана өзгөрүүсүнө алып келген учур. Козгоо теориясы электр-магниттик талаалардын квант теориясында (квант электр-динамикасында) ар кандай процесстердин амплитудаларын эсептөөдө өзгөчө мааниге жетишти. Талаалардын кванттык теориясынын теңдемелерин так чыгаруу жолдору али белгисиз. Ошондой болсо да квант электр-динамикасында Козгоо теориясы боюнча жүргүзүлгөн эсептөөлөр тажрыйбада алынган натыйжалар менен дал келүүдө. Мисал катарында электрон-позитрондук талаанын электр-магниттик талаа менен аракеттешүү маселесин карап көрөлү. Бул аракеттешүүнүн өзүн кичине козголуу (дүүлүгүү) деп эсептейли. Нөлдүк жакындатуу, б. а. дүүлүгүү (талаалардын аракеттешүүсү) нөлгө барабар учурда бул эки талаага тиешелүү бөлүкчөлөр (электрон жана позитрон, фотон) эркин абалда болушат. Биринчи жакындатуу учурунда эки талаанын бөлүкчөлөрү төмөнкүдөй аракеттешет: бардык бөлүкчөлөр кандайдыр бир чекитке чейин эркин бөлүкчөлөр катары кыймылдашат. Бул чекитте бөлүкчөлөр кезигишет жана алардын аракеттешүүсүнүн натыйжасында баштапкы бөлүкчөлөр жок болуп, алардын ордуна жаңы (эркин бөлүкчөлөр катары кыймылдаган) бөлүкчөлөр пайда болот, б. а. биринчи жакындатууда өз ара аракеттешүүнүн бир гана актысы эске алынат (тактап айтканда бөлүкчөлөрдүн өз ара өтүшүнөн пайда болгон аракеттешүүлөр актысы). Кийинки – экинчи, үчүнчү ж. б. жакындатууда кезеги менен экинчи, үчүнчү аракеттешүү актылары эске алынат. Электрон, позитрон жана фотондордун өз ара аркеттешүүсүн Козгоо теориясы боюнча берилишин, төмөнкүдөй график түрүндө сүрөттөөгө болот (мындай графиктер Фейнман диаграммалары деп аталат).
Фотондордун лектрондордо чачыроо процесси – Комптон эффект–аз дегенде аракеттешүүнүн эки актысы менен байланышкан: фотондун электрон аркылуу нурлануу актысы жана жутулуу актысы. Мына ушул себептен Козгоо теориясында мындай процесстерди түшүндүрүүчү эң төмөнкү тартип – экинчи тартип.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0