Козубеков, Төлөгөн

Википедия дан

Козубеков, Төлөгөн - акын, жазуучу, котормочу. Бакай-Ата районундагы Кызыл-Жар айылында 1937-жылы 10-февралда туулган. 1961-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1962-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде балдар үчүн берүүлөрдүн редактору, улук редактор, 1974-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун Басмалар башкармалыгында улук редактор, бөлүм башчы, башкарманын орунбасары, 1977-жылдан Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинде социалдык-маданий уюмдар бөлүмүнүн референти, төраганын орунбасарынын жардамчысы, 1984-жылдан Кыргызстан КП БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн сектор башчысы, 1989-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун төрагасынын биринчи орунбасары, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Басма-сөз жана маалымат министрлигинде министрдин биринчи орунбасары, 1992–1994-жж. Акыл мамконцернинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгында башкы адис, 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик иштери боюнча агенттигинде мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис болуп иштеп келет.

Биринчи ырлар жыйнагы «Биз бактылуу балдарбыз» деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. Бир катар поэтикалык жыйнактардын, жомоктордун, аңгемелердин жана С.Злобиндин, орто кылымдын адабий эстелиги болгон Ж.Баласагындан «Куттуу билим» аттуу китептеринин котормосунун ж.б. автору.

1982-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргыз ССРинин ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биз бактылуу балдарбыз: Ырлар жана жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1970. – 50 б.

Оюнчук жана мен: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 15 б.

Биринчи беттешүү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 99 б.

Чыйыр: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 47 б.

Онунчу бийиктик: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 80 б.

Ак шоола: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1981 – 168 б.

Көктөм ыры: Ырлар, поэма, уламыш – Ф.: Мектеп, 1985. – 124 б.

Көк-Теңир – Алтын казыгым: Макалалар. – Б.: «Алтын тамга» ЖЧК, 2003. – 120 б.

Жусуп Баласагын: Бейне сүртүмдөрү. – Б.: «Түркстан» басмасы, 2003. – 92 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ла Гума Алекс Чидер: Повесть. Ф.: Кыргызстан, 1969. – 144 б.

Азыркы польша аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 228 б.

Таммсааре А. Белгилүү күндөр: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1977. – 15 б.

Ла Гума Алекс. Караңгы түндө каңгуу: Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 448 б.

Аксаков С.Т. Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1980. – 44 б.

Аксаков С.Т. Ажайып гүл: Сказка Пелагеи. – Ф.: Мектеп, 1981.– 40 б.

Злобин С.П. Салават Юлаев: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 520 с. Александрова 3.Н. Чапаевдин өлүмү: Ыр. – Ф.: Мектеп, 1984. –16 б.

Баласагын Жусуп. Куттуу билим: Дастан. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 528 б.

Баласагын Жусуп. Куттуу билим: –М.: «НИК» фирмасы 1993. – 496 б.

Аугистино Нето. Ырлар. – Ф.: Адабият.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]