Козубеков Азимкан
Козубеков Азимкан (1940-ж. т., Жергетал айылы) - коомдук ишмер; Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980-85). Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1978).
- 1962-ж. Бишкек политехникалык институтун бүткөн.
- 1962-66-ж. Токтогул ГЭСинде инженер-энергетик, начальник,
- 1966-71-ж. Токтогул райондук аткаруу комитетинин терагасынын орун басары, төрагасы,
- 1981-84-ж. Кыргызстан КПнын Каракөл шааркомунун 1секретары,
- 1984-88-ж. Талас облустук энергетика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
- Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5