Мазмунга өтүү

Козубеков Төлөгөн

Википедия — ачык энциклопедия
Козубеков Төлөгөн
Туулгандагы ысымы:

Козубеков Төлөгөн

Туулган жери:

Талас облусу, Бакай-ата району, Кызыл-Жар айылы

Жарандыгы:

Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

акын, жазуучу, котормочу

Козубеков Төлөгөн (1937- ) - акын, жазуучу, котормочу.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл аймагынын Акназаров айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу. Кыргыз ССРинин ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1982-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

III даражадагы «Манас» ордени[1] менен сыйланган жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер[1].

Төлөгөн Козубеков Бакай-ата районундагы Кызыл-Жар айылында 1937-жылы 10-февралда туулган.

  • 1961-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
  • 1962-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде балдар үчүн берүүлөрдүн редактору, улук редактор.
  • 1974-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун Басмалар башкармалыгында улук редактор, бөлүм башчы, башкарманын орунбасары.
  • 1977-жылдан Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинде социалдык-маданий уюмдар бөлүмүнүн референти, төраганын орунбасарынын жардамчысы.
  • 1984-жылдан Кыргызстан КП БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн сектор башчысы,
    1989-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунун төрагасынын биринчи орунбасары.
  • 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Басма-сөз жана маалымат министрлигинде министрдин биринчи орунбасары.
  • 1992–1994-жж. Акыл мамконцернинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгында башкы адис.
  • 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик иштери боюнча агенттигинде мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис болуп иш-теп келет.

    Биринчи ырлар жыйнагы «Биз бактылуу балдарбыз» деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. Бир катар поэтикалык жыйнактардын, жомоктордун, аңгемелердин жана С.Злобиндин, орто кылымдын адабий эстелиги болгон Ж.Баласагындан «Куттуу билим» аттуу китептеринин котормосунун ж.б. автору.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Биз бактылуу балдарбыз: Ырлар жана жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1970. – 50 б.
  • Оюнчук жана мен: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 15 б.
  • Биринчи беттешүү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 99 б.
  • Чыйыр: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 47 б.
  • Онунчу бийиктик: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 80 б.
  • Ак шоола: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1981 – 168 б.
  • Көктөм ыры: Ырлар, поэма, уламыш – Ф.: Мектеп, 1985. – 124 б.
  • Көк-Теңир – Алтын казыгым: Макалалар. – Б.: «Алтын тамга» ЖЧК, 2003. – 120 б[2].
  • Жусуп Баласагын: Бейне сүртүмдөрү. – Б.: «Түркстан» басмасы, 2003. – 92 б.

  • Ла Гума Алекс Чидер: Повесть. Ф.: Кыргызстан, 1969. – 144 б.
  • Азыркы польша аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 228 б.
  • Таммсааре А. Белгилүү күндөр: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1977. – 15 б.
  • Ла Гума Алекс. Караңгы түндө каңгуу: Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 448 б.
  • Аксаков С.Т. Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1980. – 44 б.
  • Аксаков С.Т. Ажайып гүл: Сказка Пелагеи. – Ф.: Мектеп, 1981.– 40 б.
  • Злобин С.П. Салават Юлаев: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 520 с. Александрова 3.Н.
  • Чапаевдин өлүмү: Ыр. – Ф.: Мектеп, 1984. –16 б.
  • Баласагын Жусуп. Куттуу билим: Дастан. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 528 б.
  • Баласагын Жусуп. Куттуу билим: –М.: «НИК» фирмасы 1993. – 496 б.
  • Аугистино Нето. Ырлар. – Ф.: Адабият.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]