Козуев, Өсөр

Википедия дан
Козуев Өсөр

Козуев Өсөр-обончу жана аткаруучу Алай районунун Көлдүк айылында 1966-жылы 14-январда туулган. 1983-жылы Комсомол (азыркы Базарбай Абжапаров) орто мектебин, 1989-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган.
1989–1990-жж. Б.Абжапаров атындагы мектепте музыка сабагынан мугалим, 1990–1996-жж. Гүлчөдөгү Алай элдик маданият үйүндө кызматкер, 1996-жылдан Кыргыз телерадиокорпорациясында үн режиссеру болуп иштеп келет.
Ал ондогон обондордун автору. “Атама”, “Классташтар” ж.б. ырлары кыргыз телерадиосунан уктурулуп келет.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Акыркы коңгуроо” с. Б.Табалдиевдики
  • “Алайым” с. Ө.Козуевдики
  • “Апама кат” с. Ө.Козуевдики
  • “Атама” с. Ө.Козуевдики
  • “Дарысы сенсиң сүйүүнүн” с. Ө.Козуевдики
  • “Жакшынайым” с. У.Мамытовдуку
  • “Классташтар” с. У.Аджибаевдики
  • “Өскөн жер” с. Н.Алымбековдуку
  • “Сүйүүдө мен өзүмчүлмүн” с. Б.Табалдиевдики
  • “Сыр” с. С.Жусуевдики ж.б.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Энеме: Чыгармалар топтому. – CD компакт-диск, 2009.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]