Мазмунга өтүү

Козу кулак кислотасы

Википедия — ачык энциклопедия

Козу кулак кислотасы, НООС-СООН — эки негиздүү каныккан карбон кислоталардын эң жөнөкөй өкүлү. Түссүз кристаллдар; молекурдык салмагы 90,036; б. эрүү t 189,5°С; сууда жана органикалык эриткичтерде начар эрийт. Козу кулак кислотасы – күчтүү органикалык кислота жана калыбына келтиргич. Анын туздары көп сандаган өсүмдүктүн курамында кездешет. Айрыкча козу кулакта жана ышкында көп. Козу кулак кислотасы – күчтүү калыбына келтиргич. Кычкыл жана орто эфирлерди, амиддерди жана башкалар туундуларды пайда кылат. Кумурска кислотаеынын туздарын жогорку температурада ысытканда, Козу кулак кислотасынын туздары пайда болот. Өнөр жайда көмүртек кош оксиди менен суутектен алынат. Козу кулак кислотасы жана анын туздары металлдардын бетин жылмалоодо, чыт кездемесин чыгарууда жана боёодо, булгаары өндүрүүдө, анализдик химияда Ca, Th, Pt жана башкалар металлдардын иондорун бөлүп алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]