Койлу графит кени
Көрүнүш
Койлу графит кени - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эңилчек кышаарынан 30 км аралыкта, Койлу өрөөнүнүн оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 3600-3700 м бийикте. Кен 1983-95ж. изилденген. Байыркы метаморфизмделген калың катмардын ичинде, графиттешкен гранит-гнейс линзасы менен кендүү катмар, калыңдыгы 30-100 м, узундугу 3 км болгон графиттүү горизонтту түзөт. Графит кабаты 10 мден 500 мге жетип, калыңдыгы 3-4 мден 20-75 мге чейин өзгөрөт. Кабаттагы графиттин өлчөмү 1%тен 27%ке чейин. Иргелген концентратта графит 89%ке жетет. Изилдөөнүн негизинде (Украина ИА) алмаз күкүмү жана кристаллдары алынган. Арпа-Такыр участкасында графит кен ташынын С1+С2 категориясы боюнча запасы 7717 миң т, графит - 268 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9