Койсары бий

Википедия дан

Койсары бий (туулган жылы белгисиз — 1670-жылдан кийин өлгөн) — чоң багыш уруусунун бийи.

Койсары бий
1600—1670
Кыргыз бирикмесинин бийи
 
Уруусу: Чоң багыш уруусу
Атасы: Тилеке (Жамаке) бий
Балдары: Күчүк
Кесиби: Бий, Баатыр, Аскер башчысы

Солтонун Чаа деген баласына Моголстан ханы Абдуллага (Абдаллах) (1638-69/70) байланыштуу эскерилет. Ал Ошту каратып келатып, Беш-Буйнак деген жерден Койсары бий, Кара-Кучук бий, Йол-Болду бий, Уч-Куртка бий, Афат, Шады жана башкалар жетектеген кыргыздардан жеңилүүгө учураган. Кийин Абдулла хан кайрадан кыргыздарга каршы аттанып, Нарын дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздарды чаап кеткенде, Койсары бий, Йол-Болду бий жана башкалар артынан барып, Ак-Сайда хандын колуна сокку бергенетикалык Койсары бий жөнүндө маалымат анын Кашкар шаарына аким болушу, бирок, хандыкка Исмаил келгенде аны түшүрүп, ордуна Койсары бийдин уулу Күчүктү дайындашы менен аяктайт. Көп узабай Сузук, Касым жана башкалар бектер козголоң уюштуруп, Койсары бийге кошуп 25 кишинин башы алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]