Койчуева Мээрим
Көрүнүш
Койчуева Мээрим (1.2.1974, Бишкек) — экономика илимдер доктору (2006). Коммерциялык банктардын ишмердигин изилдөө боюнча адистик КмУУну бүткөн (1995). «Кыргызстан» акционердик-коммерциялык банкында экономист (1995-96), КР Улуттук банкында экономист, улук экономист, башкы экономист (1996-2006), 2006жылдан КРСУда кафедра башчысынын илим боюнча орун басары, профессор 20дан ашуун эмгеги, андан ичкери 6 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Формирование рыночной экономики СНГ в переходный период. Б., 1999; Экономика Кыргызстана на переломном этапе (авторлош). Б., 2003.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9