Койчуева Рабия
Койчуева Рабия Чырмакчы. 1911-ж. Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында төрөлгөн.
Узчулукту чоң энеси Анардан үйрөнөт. Ал абалы сайма саюу аркылуу көркөм кол өнөрчүлүктүн сырдуу учугуна кызыга баштаган. Кийин чий чырмак кармап, бул өнөрдөн баар тапкан. Аны түбөлүктүү кесип туткан. Боз үйдү жасалгалоодо анын «канат чийине», «чыгдан чийине», «эшик чийине» түрлөнтүп чырмак үчүн көчөт тандайт. Кардарлары чырмакчыга жердик даярдап беришет. Рабия чий буюмдары үчүн үлгүнү өзү жаратат. Чийге түшүргөн көчөттөрүнүн негизги каражаттарына «табак оюмун», «туура мүйүз оюмун» алат. Жылына бир үйдөн бүтүндөй чий буюмдарын ойдогудай көркөмдүктө бүткөрө алат. Мында уз чырмакчылыктын эски ыкмаларын пайдаланат. Чийдин аяк-башын так эсепке алат да, ошол аралыкта түшүүчү көркөм көчөттү ийне аркылуу тырс чегип алат. Ал үзгүлтүксүз үч табакчадан бир канат чий, эки табакчадан бир чыгдан чий, жалгыз табакчадан бир эшик чий жасайт. Жээк менен борбордук көчөттү «ала мончок» бөлүп турат. Эгер көчөттөрү кызыл-жашыл түстөн түшсө, анын «ала мончогун» уз сарыдан тандайт. Кызыл-көк түс үчүн «ала мончогун» актан берүүсү анын уздук татымын билдирет. Чырмак буюмдарына ойдогудай өн тартуулап, үлгүнүн түбөлүктүүлүгүн баамдатат. Натыйжада, чырмакчынын чыгдан чийи Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейине экспонатталган.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы. Чыгдан чийи үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы, Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Чий буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0