Койчуманов, Таалайбек Жумашевич

Википедия дан
Койчуманов Таалайбек Жумашевич

Койчуманов Талайбек Жумашевич (9.1 1956-ж. т., Жалал-Абад ш.) — Инженер-математик-программист, Кыргыз Республикасынын экономика илимдеринин доктору, профессор.
1978-ж. КМУну бүткөн. 1978—1982-ж. КМУда кенже илимий кызматкер, аспирант, 1982—91-ж. Кыргызстан УИАнын Математика жана Экономика институттарында улук инженер, кенже жана жетектөөчү илимий кызматкер, 1991—93-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында референт, консультант-эксперт, 1993-94-ж. ошол эле Аппаратта социалдык саясий прогноздоо бөлүмүнүн, анализдөөчү борбордун башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен аткаруучу бийликтин жергиликтүү органдарын контролдоочу башкарманын начальниги, 1994—95-ж. Кыргыз Республикасынын экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, 1995—96-ж. Кыргыз Республикасынын экономика министри, ал эми 1996-1998 жылдары финансы министри болуп иштеген.
Койчуманов 20дан ашуун илимий эмгекгин автору. Анын жегекчилиги менен 2005-жылга чейинки индикатив пландоо, Республиканын экономика коопсуздугунун стратегиясы, тышкы экономика алакасынын негизги багыттары иштелип чыккан. Данк Медаль менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.