Мазмунга өтүү

Коксит

Википедия — ачык энциклопедия

Коксит (латынча coxa — жамбаш) — жамбаш менен кашка жилик муунунун сезгениши. Жугуштуу оорулар (ангина, грипп, туберкулёз, бруцеллёз, келте жана башкалар), ириңдетүүчү инфекция (стафиллоккок, стрептококк жана башкалар) анын пайда болушуна себеп болот. Туберкулёз К-и балдарда көбүрөөк жолугат. Мында инфекция көбүнчө өпкөдөн кан аркылуу келип, муунду жабыркатат. 5-10 жаштагы балдар ооруйт. Алгач бала шалдырап, тамакка табити тартпай арыктайт. Эти ысыйт, аксап, тизеси ооруганына даттанат. Уйкудан чочуп ойгонот, аксаганы күчөйт, оорулуу буту кыскарат. Жамбашы жабыркаган жагына көтөрүлүп, алдын карай ийилгенсип калат. Омуртка тутумунун кыйшаюусу байкалат. Айрым учурда муун баштыгына ириң толот. Кашка жиликтин эти качып, ичкерет. Дарылоодо организмди чыңдоочу жана туберкулёзго каршы чаралар көрүлөт. Бут гипстеп таңылат. Эгер жилик ириңдеп, сынып же чыгып кетсе, хирург. операция жасалат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]