Мазмунга өтүү

Колдонуучунун баарлашуулары:Аманбаева Гулнара

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Тема кошуу
Википедия — ачык энциклопедия
Latest comment: 7 ай мурун by Аманбаева Гулнара in topic Кайрылуу

Шилтемелер

[булагын түзөтүү]

Кайрылуу

[булагын түзөтүү]

@Аманбаева Гулнара Саламатсызбы.

Алгач эле сизге кыргыз тилиндеги макалаларды кошуп, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет.

Сунуш катары, Википедиядагы маалыматтар нейтралдуу жана үчүнчү жактан жазылганы туура болот. Мисал катары, «Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби» барагында «Биздин бүтүрүүчүлөр», «Бул биздин студенттердин FMGE, USMLE жана башка квалификацияланган сынактарды тиешелүү лицензияларын алуу менен ийгиликтүү тапшыруулары далилдеп турат» деген маанидеги жана башка ушул сыяктуу маалыматтар жазылган. Сырттан караганда мындай маалыматтар сиз иштеген окуу жайдын сайтында жазылгандай болуп калат. Маалыматтар нейтралдуу мааниде болушу зарыл. Эгер макаланы толугу менен оңдоп-түзөп, толуктап бүтө элек болсоңуз, {{Түзөтүлүүдө|колдонуучу=~~~~}} калыбын макаланын башына кошуп койсоңуз туура болот.

Кыргыз тилинин эрежелерине ылайык, макаланын аталышы жалаң гана баш тамгалар менен жазылууга тийиш эмес. Мисалы: «МИКРОТОЛКУНДУУ РАДИОНУРДАНУУ ЖАНА АНЫН БИОЛОГИЯЛЫК ОБЪЕКТЕРГЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ» аталышындагы сиз түзгөн макала.

Дагы бир маселе — тамгалардын бир гана форматын колдонсоңуз туура болот. Мисалы, сиздин тексттерде «ѳ» жана «ө» сыяктуу ар түрдүү варианттагы тамгалар колдонулган.

Эгер кандайдыр бир түзөтүүлөргө жардам керек болсо, мен жардам берип, толуктап жана оңдоп берүүгө даярмын. Ал жөнүндө менин барагыме же ушул текстке жооп катары жазып кошсоңуз болот.

Иштериңизге ийгилик! Artelow (баарлашуу) 07:57, 24 сентябрь 2025 (UTC)Жооп берүү

Саламатсызбы? Мен жазган макалаларга көңүл бурганыңызга жана баалуу кеңештериңизге чооң рахмат. Айтылган кеңештериңизди аткарууга аракеттенип жатам. Аманбаева Гулнара (баарлашуу) 04:36, 26 сентябрь 2025 (UTC)Жооп берүү