Колдонуучунун баарлашуулары:Гулмира Маткеримова
Тема кошууЧыр-чатак – бул карама-каршы максаттардын, таламдардын, өңүттөрдүн, көз караштардын же пикирлердин кагылышуусу. Чыр-чатактардын негизинде дайыма эки же андан ашык тараптын – адамдардын же топтордун ортосунда макулдуктун жоктугу турат. Ар бир чыр-чатакта:анын тараптары, тараптардын жүрүм-туруму, тараптардын максаттарынын, таламдарынын, баалуулуктарынын шайкеш келбегендиги жана карама-каршылыгы сыяктуу элементтерди бөлүп көрсөтүүгө болот.
Турмушта биз чыр-чатактардын төмөнкүдөй ар кандай түрлөрүнө дуушарланабыз:
Адамдар ортосундагы – эки же андан ашык адамдардын ортосундагы чыр-чатактар. Ага катышып жаткан адамдар өз жашоо-турмушунда карама-каршы максаттарды жүзөгө ашырууга умтулаары менен мүнөздөлөт Инсандын ички дүйнөсүндөгү – адамдын ички дүйнөсүндө болуп жаткан чыр-чатак. Ал адамдын өзү менен өзүндөгү карама-каршылыктар, ар бири бирдей даражада зарыл болгон аракеттердин эки вариантынын ортосундагы тандоо зарылчылыгы менен шартталган
Инсан менен топтун ортосундагы чыр-чатак – топтун ичинен кимдир-бирөө топто түзүлгөн жүрүм-турум же баарлашуу ченемдерин бузган учурда келип чыгат. (Мисалы, жетекчи менен жамааттын ортосундагы чыр-чатак). Топтор ортосундагы – жамааттардын ортосундагы чыр-чатактар. Төп келбеген максаттарды көздөгөн жана аларды жүзөгө ашыруу жолунда бири-бирине тоскоолдук кылган топтор болуп чыр-чатакташкан тараптар санала тургандыгы менен айырмаланат Окуучулар чыр-чатактардын түрлөрүн түшүнүшү үчүн мугалим көрсөтмө курал катары ватманга (же доскага) жөнөкөй сүрөттөрдү күн мурунтан тартып коет. Бул сүрөттөрдө чатакташып жаткан эки адам тартылган ,ички дүйнөсүндөгү карама-каршылыктардан кыйналып жаткан адам ,инсан менен топтун ортосундагы чыр-чатак , жана чатакташып жаткан эки топ (.Сүрөттөрдө жебелер менен агрессиянын багытынын векторлору көрсөтүлгөн.
[[Category:Коом] Колдонулган адабияттар.
Start a discussion with Гулмира Маткеримова
Talk pages are where people discuss how to make content on Википедия the best that it can be. Start a new discussion to connect and collaborate with Гулмира Маткеримова. What you say here will be public for others to see.