Мазмунга өтүү

Колдонуучунун баарлашуулары:Эсеналиева Гулжамал Омуракуновна

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Тема кошуу
Википедия — ачык энциклопедия

'БОКОЕВ Каныбек Сейтакунович ''-02.02.1957. Нарын обл. Ат-Башы р-н., Баш-Кайыӊды а.т.. Эмгек жолун 1970-ж. С.М.Киров ат. орто мектепте окуп жүрүп Нарын лесхозуна караштуу Ат-Башы лесничествосунда сезондук жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1974-ж. Бүткүл союздук дене тарбия комплекси “СССРди коргоо жана эмгекке даяр (ГТО)” нормативди тапшырып алтын значокко ээ болгон. 1975-1977-жж. Кызыл Жылдыз ордендүү Германиядагы (ГСВГ) №83 гвардейский-мотострелковый полкто кызмат өтөгөн Советтик армиянын отличниги. Фрунзе ш. СССР 50 ж. ат. КМУ “укук таануу” факультетин бүтүргөн. КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында билимин жогорулаткан. КР УИА “Тарых жана маданий мурас институтунун” илим изденүүчүсү, С.Нааматов атындагы НМУ аспирант. 1978-1999-жж. Ат-Башы РИИБүндө участкалык инспектор, тескөөчү-тегөөчү, Торугарт ПОМунун начальниги, ИИБүнүн оперативдик иштери боюнча орун басары, Нарын ОИИБ Штабдын начальнигинин орун басары, Кадрлар бөлүмүнүн начальниги. РФ Мамлекеттик Думасынын «Единая Россия» фракциясы Россиянын Афганистан ветерандар союзунун «За отвагу и мужество» күжүрмөн; КР Жогорку Кеӊешинин 1994-ж. 10.09. №159-П токтомуна ылайык Кыргыз милициясына 70 жыл; Укук коргоодогу зор салымы үчүн жана Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл медалдары менен сыйланган. ИИМ жана Чек ара кызматынын отличниги. 1999-2015-жж. Нарын облустук мамлекеттик администрациясында Укук коргоо секторун, Укуктук колдоо бөлүмүн жетектеген. Кыргыз тарыхында биринчи жолу:Ажыбек баатырдын 200 ж., Казыбек казалчынын 100 ж.; Нарын шаарынын 145 жылдыгын Шаарды негиздеген Тоймат уулу Турдуке баатыр менен Сазан уулу хан Карымшактын 200 ж. облустун борбору Нарын шаарында ж-а Ат-Башы районунда өткөрүү боюнча демилгечилердин баш атында туруп Президенттик администрациясынын колдоосу менен өткөргөн. ХIХ к. Теӊир-Тоодо жашаган Улуттук баатыр Сазан уулу Зор-Калчанын Цин кытай бийлигинен сыйлыкка алган күмүш зым менен карматылган погону /сүрөттө көрүнүп турган чини/ баш болгон 16 экспонат 18 предмет Акт менен Бишкектеги Мамлекеттик Тарых музейинин фондусун байытуу үчүн бекер тапшырган. Советтер Союзунун баатыры А.Чортековдун ысымын Кында, Ажыбек баатырдын ысымын Кароол-Дөбө чек ара заставаларына; Окумуштуу-педагог жазуучу агартуучу С.Нааматовдун ысымын Нарын мамлекеттик университетине берүү; Алп манасчы Кыргыз эл баатыры Жусуп Мамайдын эстелигин Бишкек ш. Филармониянын алдына коюуу; Сагынбай Саякбай баштаган бардык манасчылардан манасты жазып калып өмүр тартуулаган этнограф санжырачы педагог Ы.Абдрахмановдун 130 ж. белгилөө; Кыргызстан КП Нарын обкомунун I-секретары, Кыргыз ССР айыл чарба министри, Союздук маанидеги персоналдык пенсионер Алымбек Савитахуновдун 95 ж.; Нарын, Каракол шаарларынын 145 жылдыгы; Ажыбек баатырдын 200 ж. жана Казыбек казалчы 100 ж. тууралуу Республикалык жана Эл аралык илимий-практикалык конференцияларды Нарын, Каракол шаарларында уюштуруу боюнча демилге көтөрүп окумуштуулардын күчү менен ишке ашырган. КР жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү тарыхта биринчи жолу: Бабабыз Кошой жердеген Ат-Башы ХХI к. босогосунда. (Ат-Башы районунун 70 ж. арналат); Ажыбек баатыр (200 ж. арналат); Кыргыз башкаруучусу Баймурат-Төрө жана тарыхый улуу инсандар; Нарындан Кашкарга чейинки улуу инсандардын кыргыз тарыхындагы орду жана мамлекеттик ишмердүүлүгү (ХIХ к.-ХХ к. башы); Нарын милициясы (энциклопедия); Жусуп Мамай менен Артыштагы жолугушуу; Жеӊиш, Советтер Союзунун баатыры Асанов Дайыр-Советтер Союзунун баатыры Чортеков Анварбек (1941-1945-жж.); Баш-Кайыӊдылык классташтар; Кыргызстандагы полиция-милиция кызматтары-аттуу тогуз китеп жазып басмаканалардан чыгарып окурмандарга тартуулаган. Россия, Казахстан, Тажикстан, Кыргызстандагы илимий журналдарында 18 макаласы жарык көргөн. Пенза шаарында өткөн VII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга «К вопросу присоединения Кыргызов центрального Тянь-Шаня к России» аттуу эмгек менен катышып I-даражадагы дипломго ээ болгон. Каныбек Бокоев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Премьер-Министрдин Ыразычылык каты, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги, Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеӊешчиси, Нарын облустук Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациялар, Эл депутаттарынын Нарын облустук Ат-Башы райондук Кеӊештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган. Нарын облусунун жана Баш-Кайыӊды айылынын Ардактуу атуулу. Үй-бүлөсү неберелери менен Нарын шаарында турат. Калың текст

Start a discussion with Эсеналиева Гулжамал Омуракуновна

Талкууну баштоо