Колдонуучунун баарлашуулары:Aiylchy

    Википедия дан

    Кыргыз уикипедиячылар жыйыны, 2012[булагын оңдоо]

    Урматтуу, колдонуучу Aiylchy!

    Сиздин “Кыргыз уикипедиячылар кыймылы” долбооруна салым кошконуңуз үчүн 2012-жылы 7-декабрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Три короны” мейманкансында өтө турган Кыргыз уикипедиячылар жыйынына чакырабыз. Баардык катышуу чыгымдарды "Сорос-Кыргызстан" Фонду каржылайт.
    Бул катка Сиздин жообуңузду 3-декабрга чейин күтөбүз. Жообуңузду 0(552)270037 уюлдук телефонуна чалып же umka220190@gmail.com электрондук почтасына жазып жооп бериңиздерди өтүнөбүз.--Umut (talk) 11:06, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2012 (UTC)Reply[reply]

    Сунушуңуз[булагын оңдоо]

    Саламатсызбы. Мен орус тилдүү Википедиясында иштегем мурда. Ал жамааттын эрежеси менен макаланын аталышы орус тилдүүлөргө эң белгилүү түрүндө берилет. Макаланын өзүнөн расмий толук түрүн (Кыргыз Республикасы) орус тилиндеги Конституциябызга ылайык "ы" аркылуу жазсам аны кээ бир википедиячылар кабыл алышкан жок. Талкулоо жыйынтык берген жок, анткени ачык жана жашыруун түрдө эрежелер менен ойноп, ж.б. ыкмалар менен талкууну конструктивдүү жаатына келтиришкен жок. Ооба, атайын процедуралыры бар, бирок менин сабырым жеткен жок. Ага убакыт коротпой биздин Википедиябызды жакшыртуу манилүүрөк деп эсептейм.--Bosogo (баарлашуу) 17:32, 31 март 2022 (UTC)Reply[reply]

    Саламатсызбы, жообуңузга рахмат. Aiylchy (баарлашуу) 06:58, 11 апрель 2022 (UTC)Reply[reply]

    Долбоордун аталыштар мейкиндиктерин аныктоо[булагын оңдоо]

    Саламатсызбы. Долбоорубуздун аталыштар мейкиндиктерин аныктоо үчүн талкуу башталды. Талкуу бул жерде жүрүүдө.--Bosogo (баарлашуу) 16:34, 24 Май (Бугу) 2022 (UTC)Reply[reply]

    Туура жерге жооп жазып жатамбы? Бирок мен жазган жерде кол коюу баскычы жок экен. Aiylchy (баарлашуу) 12:06, 27 Май (Бугу) 2022 (UTC)Reply[reply]

    Зордук-Зомбулук макаласы боюнча[булагын оңдоо]

    Саламатсызбы... Кыргыз Википедиясына салым кошуп жатканыңызга ыраазычылык билдирем.Зордук-зомбулук макаласына маалыматтарды киргизген экенсиз, бирок ушундай эле аталыштагы "Зомбулук" макаласы бар экен. "Эки макаланы бириктирүү керек" - деп ойлойм. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо Зордук-зомбулук макаласын Зомбулук макаласына көчүрсөңүз. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 17:08, 27 Май (Бугу) 2022 (UTC)Reply[reply]
    Саламатсызбы Абдырашит, чын эле бар экен, бириктирип коёюн. Aiylchy (баарлашуу) 12:39, 29 Май (Бугу) 2022 (UTC)Reply[reply]