Колдонуучунун баарлашуулары:Jamiyla Mirlan

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Кыргыз мамлекетинин коомдук-саясый түзүлүшү

Кыргыз мамлекети (б.з. VI к. — б.з. 1207 ж.) көз карандысыз эркин саясый түзүлүш болгон, анын бул абалы коңшу мамлекеттер тарабынан таанылган жана элчилер байланышы аркылуу далилденип турган. «Хягас күчтүү мамлекет болуучу, — дешет IX к. кытай булактары, — ал ээлеген мейкиндиги боюнча көктүрк (тукю) каганатынына теңдеш болуучу». Тукю үйүнүн башчылары кыздарын алардын аксакалдарына күйөөгө берип турушчу. Чыгышы Гулигандарга (Байкал жээгиндеги курыкандар — В. Б.), түштүгү Тибетке, түштүк батышы болсо азыркы Казахстандын түштүк чыгышындагы Гэлол [Карлуктардын мамлекети менен чектешип турган.]»

Улуу Кыргыз Каганатынын доорунда ( б.з. IX к.) кытай императору өзүнүн ага жазган каттарында мындай деген сылык сөздөр менен кайрылган: «Хан, Сиз жаркыраган Чоң Жетиген сымалдуусуз. (Сиз) чөлдүн түндүгүндө эрдик көргөздүңүз жана эл башы болуп чыга келдиңиз. Сиздин жөндөмдөрүңүз туунун алтын айчыгындай жаркырайт. Сиз чек бөлдүңүз жана мамлекет курдуңуз; артыкча баатырдык көргөздүңүз, башкаруу жөндөмдөрүңүз абалтан эле белгилүү». «Сиздин кудуретиңиз түндүк өлкөлөрүн титиретет, Сиздин даңкыңыз Түндүк дарбазага жетти » . Кыргыз каганына кытай императорунун хан сарайы «Баатыр тукуму, эр жүрөк, ак ниеттүү жана нурлуу каган» наамын ыйгарган. Кыргыз өлкөсүндөгү жумурай журттун жана төрт түлүк малдын ээси болгон. Анын сөздөрү мыйзам болгон жана укпаганды «курч кылычтын мизиндей» жазалаган. Көчмөн түрк элдеринин коомунда хандык бийлик уруу башчыларынын бийлигинин негизинде пайда болгон, анткени түрк тилдеринде, анын ичинде хакас (кыргыз) тилинде дагы, «кан» жана «башкаруучу» бир эле «хан» сөзү менен берилет. Ушундан улам «хан» сөзүнүн алгачкы мааниси кандаш туугандардын башчысы дегенди түшүндүрөөрүн билсек болот. Кимде ким өзүнүн туугандарынын колдоосу менен бийликке жетише алса, ал хан болуп кала берген. Балким ошондуктан, хакастарда - «тууганың болсо хандайсың, тегиң жок болсо кулдайсың» деген макал эмдигиче сакталып келе жаткандыр.

Араб жазуучусу Закарийа ал-Казвини өзүнүн эмгектеринде кыргыздын башчысы жөнүндө мындай деген маалыматтарды келтирет: «Алардын баш ийген падышасы бар, анткени ал аларды кандайча тынчтандыруунун ыгын билет. Ал бар жерде кыркка чыга элек адамдардын отурууга укугу жок».

Кыргыздын мыйзамына ылайык, адам кырк жаштан ашкандан кийин кана хан болуу укугуна ээ болгон. Хакастарда дагы кырк жаш курак, өмүрдөгү эң маанилүү чектердин бири деп эсептелген. Кырк жашка чейин маанилүү мамлекеттик кызматтарды ээлегенге, бата бергенге, ичимдик ичкенге тыйуу салынган ж.б.у.с. Кырктан ашкандан кийин кана адам жашоонун сырын түшүнө баштайт деген түшүнүк болгон.

Энесайлык кыргыздар мамлекетти «эл» сөзү аркылуу түшүнүшкөн. Бөлөк түрк тилдериндегидей эле «эл» сөзү эки мааниде колдонулган: 1) хандар жана бектер менен тууган «бийлеген эл» 2) Бийлеген эл башында турган мамлекет же уруулар бирикмеси. Байыркы түрк мамлекеттерин «көк асман эли» (теңир эли) аталган ак-сөөк уруулардын арасынан чыккан эл башчылары башкарган.

Калк жана бийлеген «эл» бирин бири толуктап турган. Хан «элди кармаган» жана «будунду» (карапайым калкты) баштаган, б.а. коомдук жана сайасый-административдик бийлик дагы анын колунда болгон.

Хакас элдик ооз эки чыгармаларына ылайык, такка о лтуруп жаткан хан элине мындайча ант берген: «Аты жокту атка мингизем, тону жокту тонго жеткизем». Башкаруунун мындай калыбы Түрк каганаттарынын учурунда эле пайда болгон. Мисалы, Күлтегиндин балбалында башчынын атынан айтылган мындай деген сөздөр бар: «(Мен) жылаңач элге тон бердим, аз калкты көп кылдым». Хан «Элдик бийликти» уруу башчысынын укугун негизинде жүргүзгөн. Ошону менен катар эле, ал аскер колбашчысы, жогорку сот жана жогорку диний бийлик кызматтарын жүргүзүп турган. Хан Улуу Асмандын — Теңирдин эркине ылайык иш жүргүзгөн. Ханга асмандан түшүп турган жараткандан берекеси түрк элдеринде «кут» — деп таанылган.

« Хан көтөрүү» салты, хандын укугу теңдердин ичинен биринчи болгондугун далилдейт. Жогорку даражалуу адамдар аны ак кийизге отургузуп алып «Жаратканга каршы иш кылсаң, мүлкүңдөн ушу отурган жалгыз кийизиң калсын», - деп тилек айтып, күндүн жүрүшү менен курмандык чалынуучу жерди тогуз жолу айланып чыгышчу. Хан болсо аларга «Мындан ары менин сөзүм кылыч болот», - деп жооп берген. Белгилей кетүүчү нерсе, хакас элинин баатырдык эпосторунда Хонгорайдын башчыларынын дагы ушу сымал сөздөрдү айткандары жөнүндө маалыматтар бар: «кылычтын тили – курч, хандын тили - мыйзам». Көбүнчө чыгыш таануучулардын айтканына караганда, түрк элдеринде хан көтөрүү салты, шаманды шайлоого окшош болгон. Кебетеси анын тамыры ушул байыркы салтка байланышкан.

Кыргыз мамлекетин ин башында «Ажо» же «Аже» деген ат менен белгилүү болгон жана бийлик тукумдан тукумга өтүшүп турган. «Алардын башчысы Ажэ аталат, ошондуктан ал уруунун аты Ажэ». «Анын үйүндө туу сайылып турат. Калгандары бабаларынын аттары менен аталышат» — деген кабарды биз Тан тарыхчыларынын эмгегинен табабыз. Кытай булактарына ылайык, «Ажо» (Ажэ) — бийлик башындагы башкаруучунун жана кыргыздарды VIII-IX башкарган уруунун аталышы. Бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар арасында кытай тилинде берилген бул сөздүн төркү мааниси жөнүндө бир жалпы ой жок.

Ушул суроого байланыштуу, VIII кылымга таандык байыркы түрк жазма эстеликтеринде сакталып калган «аз калкы» кызыкчылык туудурат . Түрк таануучу И. В. Кормушиндин пикирине ылайык, аздардын бир бөлүгү Батыш Сайан тоолорунун түштүгүндө турушкан, бирок негизги бөлүгү Сайан тоолорунун түндүгүндө болуп, азыркы Хакас жерин мекендешип, кыргыздарга коңшу жашашкан.

711 ж. түрк ханзаадасы Күлтегин Көкмөн (Батыш Сайан) тоолорун ашып кыргыздарды чапканда, аз элинен чыккан киши анын жол көрсөткүчү болуп барган. Анын өзүнүн айтканы: мекеним менин — «Азйерим». Бул айтылган сөздүн маанисин карап көрсөк, аздар чытырман токойлуу (Көкмөн) Чыгыш Сайанда эмес, Сайан тоолорунун этектеринде Абакан дарыйасынын бойунда турушкандыгы белгилүү болот. Атактуу чыгыш таануучу В. Бартольд кыргыздар менен бирге аз эли айтылгандыгын белгилеп кеткен.

Көкмөн тоосунун эки бетинде жашаган (э)чиктер менен кыргыздар Билге кагандын душмандары болушкан. Билге кагандын балбалында анын чиктерди жана аздарды жеңгени жазылган. Бул маалыматтын маанисинен улам, аздарды Энесай кыргыздары деп түшүнсөк болот. Кээ бир чыгыш чыгармаларында кыргыздарды «аз» деп атаган учурлар дагы кездешет.

Хягас мамлекетинин башчысы — Ажо нун ордосу, кытай булактарына ылайык Энесайдын (Гянь) чыгышындагы Кара-Тоонун жанында болгон. Ал эми байыркы түрк булактарында болсо Ажо Көкмөн өрөөнүндө (Когменичинте) жашаганы айтылат. Бул жерде Көкмөнтү деп Батыш Сайан тоолору гана эмес, Абакан өрөөнүнүн тоо этектери дагы таанылган. Кебетеси, жогоруда келтирилген булактар, бир эле ордо - кыргыз мамлекетинин башчысынын аздар жашаган чөлкөмдөгү ордосу жөнүндө маалымат берип жатышат. Күлтегиндин балбалындагы жазуулар биз үчүн чоң мааниге ээ, анткени ал жерде кыргыз каганы Барсбектин «азбудуну» жөнүндө так айтылган . Көптөгөн түрк таануучулар, анын ичинде Малов С. Е. дагы «азбудун» маанисин «аз сандагы эл» маанисинде окуп, этникалык түшүнүккө кошушпайт. Мындай эки окулуштун пайда болуш себеби, түрк тилинде «аз» сөзүнүн «кичине, чоң эмес» маани беришинде. Бул жерде, өз убагында В. Радлов жана Н. Козьмин биринчи окуган маанисин эске сала кетиш керек: «Мен Аз-кыргыз өлкөсүн орноттум» . Бул жерде «Аз-кыргыз» саны аз кыргыз маанисинде окулушу туура эмес экендиги айкын болуп турат. Анткени, ошол эле жазууларда мындай деп белгиленет: «Бирок, биздин эң чоң душманыбыз кыргыздын күчтүү каганы болуучу». Кытай булактары дагы, буга кошумчалайт: «Цзянгунь [кыргыздар — В. Б.] — бул күчтүү мамлекет». Кыргыз жазуу булактарында «аз эли» (азбудуң) түшүнүгү кезикпейт, бирок Р. Радлов кылган котормолордо «ач будуң» – ач эли деген сөздөр бар . Кыргыздар өздөрү «аз» этнонимин «ач» деп айтышкандыгы мүмкүн.

Бул Кыргыз мамлекетиндеги табышмактуу «аздар» же «ачтар» кимдер? Эмне үчүн түрк жазма эстеликтеринде алардын аты кыргыздар менен бирге айтылат? Күлтегиндин эстелигиндеги жазуулардын маанисине карап туруп, «аз» деген кыргыздарды бийлеп турган уруунун аты болгон деген божомолду жыйынтык чыгарсак болот. Анда, кытай жазма булактарында «Ажо» (Ажэ) деп жазылып калган сөздү, Кыргыз мамлекетинин бийлигин колунда кармап турган уруу жана «аз» же «ач» эли бир эле нерсе деп түшүнсөк болот.

Биздин сөзүбүзгө тийиштүү байыркы түрк жазуулары жана Тан империясынын тарыхый жазма булактарындагы «Хягас» мамлекети жана анын башчылары «Ажэ» жөнүндө маалыматтар бир убакта жаралган.

Кебетеси, көрсөтүлгөн кытай булактары ндагы жазылыш (Ажэ) түрк тилинен келген кыргыз жана аз (ач) элдеринин кытайча айтылышы болсо керек. Кытай жылнаамаларына ылайык, Ажонун уруусунун түпкүрү атактуу кытай колбашчысы Ли Линге барып такалаган, Кытайда бийлик жүргүзгөн Тан бийлик уругу менен насили бир болгон. Азыркы күнгө чейин, хакастардын арасында «ажыг» сөөгү бар, алар «ызыр» сөөгүнө тууган жана байыркы кыргыздардын тукумдары деп эсептелишет. «Ажыг» сөөгү байыркы «ач» элине жана кыргызды бийлөөчү «аже» уругуна тарыхый байланыштуу болушу толук мүмкүн.

VIII — X кылымдарда кыргыз бийлөөчүлөрү каган наамын алып жүрүшкөн. Бул наамды Борбордук Азияда көчмөн империйаларын түзгөн байыркы түрк мамлекеттеринин башында турган адамдар алып жүрүшкөн. Биринчи кыргыз каганы - Барсбек каган болгон. Түрк каганы Капаган Барсбектин каган наамын алып жүрүүгө болгон укугун тааныган жана ага Кутулуг Элтерес кагандын кызын алып берген. Кебетеси бул окуя 693 Кутулуг Элтерес кагандын өлүмүнөн кийин болсо керек, анда Капаган каган түндүккө жүрүш жасап, бирок ал ийгиликке жетишкен эмес. Ушундай жол менен Кыргыз мамлекетинин даражасы Түрк каганына теңдешип, кыргыз каганы менен түрк каганы бир даражада болуп, эки мамлекеттин башкаруучулары сөөктөшүү аркылуу тынчтык келишимин түзүшкөн.

Кыргыз каганы Барсбек тин тышкы сайасаты жигердүү жүрүп турган. Ал 707, 709, 711, жылдары кыргыз элчилери Тан империйасына жана Тибет хандыгына жиберилип турган. Бул мезгилде түрк кагандары кытай менен катуу кармашып турушкан, түрктөрдүн башкаруучу уругу Ашина менен түбү тууган болгондугуна карабастан, кыргыздар кытай менен түрктөргө каршы биригип турушкан. Бул жөнүндө түрк каганы мындай деген: «Табгач элинин каганы биздин душманыбыз эле. Он ок (түргөш) элинин каганы биздин душманыбыз эле. Бирок баарынан катуу душманыбыз кыргыздын күчтүү каганы эле». Бул үч каган кеңешип туруп айтышты: «Биз Алтын черге (жүрүш жасап) барабыз.» «Алар кеңешип туруп айтышты: Биз чыгышка түрк каганына жүрүш жасайбыз. Эгер биз барбасак, кандай кана болбосун, ал бизди (жеңет): каган алардын (түрк элинин) баатыры, анын кеңешчиси даанышман, кандай кана болбосун, ал, балким биздин жеңүүчүбүз (өлтүрүүчүбүз) (болуп калат). Биз үчөөбүз биригип туруп ага каршы жүрүшкө чыгабыз жана аны жок кылабыз...» . Бул түрктөргө каршы уйушулган биримдикте, түрктөргө эң чоң коркунуч туудурган кыргыздар эле. Ошондуктан алар кыргыздарга каршы алдын ала сокку урууну чечишип, 710-711 жж. кышында кыргыздарга күтүүсүз кол салышкан. Түрк аскерлеринин башында атактуу колбашчылар Тоңүкөк, Ашина уругунун ханзаадасы Күлтегин жана Могилян шады турушкан. Тоңүкөк абыдан маанилүү согуштук амалды ишке ашырууга жетишип, Энисейге кеткен негизги жолду айланып өтүп, Аны (азыркы Абакан дайрасынын оң куймасы болгон Она) дайрасынын жээги аркылуу, кар баскан Сайан тоолорун жашыруун жол менен ашып түшүүгө жетишкен. Мындай согуштук амалдын натыйжасында түрктөр кыргыздарга капыстан «(алар) уктап жатышканда» кол салышкан. Сунга черинде болгон согушта Күлтегин менен Могиляндын күйөө баласы Барсбек каган кайып болгон, «анын эли кул, күн болду». «Көкмөн өлкөсү башчысы жок калбасын деп биз аз сандуу кыргыз элине тартип орнотуп келдик « .

Бирок, түрктөр кыргыз мамлекеттүүлүгүн жок кылышкан жок. Мамлекеттин башында Барсбектин тукуму жана түрк Билге кагандын тууганы болгон кыргыз башкаруучусу калды. Ал белгилүү бир өлчөмдө өз алдынчалыгын сактап кала алды жана башка өлкөлөр менен элчилик мамилелерин түзүп турду. Мисалы, 722 жылы кытайдын Тан императорунун сарайына «кыргыз тегини Исибо Шэючже Биши Сыгин келди, ал эми 723 ж.- Цзюйли Пиньхэчжун Сыгин тегин. Экөөнө тең аскердик даражалар ыйгарылды» [12, с. 241-242]. Бирок кыргыздардын согуш даремети бүлгүнгө учураган болуучу. Ушул кандуу кыргындан тартып, кыргыз мамлекети өз алдынчалыгын сактап калганы менен 745 жылы Экинчи Түрк каганаты кулаганга чейин Борбордук Азийадагы болуп өткөн ири согуштарга катышышкан эмес. Кыргыз башы каган титулун Х кылымдын айагына чейин сактап калган. Мисал үчүн, 982-983 жж. жазылган «Худуд ал-алам» эмгегинде «алардын башчысын хырхыз-каган» – деп аталаары белгиленип кеткен.

Кыргыз мамлекетинин жогорку даражадагы кызматкерлери «бек» наамын алып жүрүшкөн. Экинчи түрк каганатынын башчысы Элтерес кагандын күйөө баласы, Кыргыздын биринчи каганы Барс-бек дагы бек титулун алып жүргөн. Кытай булактарында бул наам «Бей» тыбышы менен берилген. Тан жылнаама булактары билдиргендей «Хягас башчысынын үч министри болгон: Бей (Цисиби), Гюйшабо Бей (Цзюйшабоби) и Ами Бей (Амиби)», алар мамлекетти бир-бири менен кеңешип башкарып турушкан»

Бектерге уруу башчыларынан турган , алты даражага бөлүнгөн, өкмөт кызматкерлери кирген. Министирлер болсо кытайча «цзайсян» (жайсаң) наамы менен белгилүү болушкан. Кытай булактарына ылайык, Кыргыз мамлекетинде жети «жайсаң» болгон. Тутуктар (кытай булактарында «дуду») – жергиликтүү бийлик ээлери же болбосо башкы башкаруучулар. Уйгур каганатындагыдай эле булар дагы ири жергиликтүү башкаруу бирдиктерин (багыштарды) башкарып турушкан. Кыргыз мамлекетинде үч тутук болгон. Энисей жазма эстеликтеринде Аза Тутук аттуу каарман жөнүндө кабарлар бар. Буйруктар. ( сөзмө сөз которулушу - жергиликтүү сот) – борбордук бийлик тарабынан жер жерлерге сот иштерин жүргүзүү үчүн атайын укуктар ыйгарылып жиберилген мамлекеттик кызматкерлер. Кытай булактарында аларды «чжиши» (чабармандар) деп аташат. Буйруктардын саны онго жеткен. Алар атайын сот иштерин жүргүзүүнүн камсыздандырып турушкан. Уйгур каганатын талкалагандан кийин, жеңилген жаглакар уруусунун башына Кутлуг Жарган буйрук болуп дайындалган. Кытай булактарында «чжанши» аталаган, иш алып баруучулар же болбосо катчылар. Кыргыздар өздөрү аларды «ынанчу» аташы мүмкүн. Мисалы, кыргыздардын эстелик таштарында чегилген ырлардын арасында Ынанчу баатыр, мамлекет башчысы Ынанчу Билгелер эскерилет. Алар иш аткаруу жана катчылык кызматын жетектешкен. Иш аткарууну он беш киши жетектеген. Иш аткаруучулардын мындай көп санда болушу кыргыз мамлекетинде жазуунун жана жазма документтердин кеңири жайылышына жөнүндө кабар берип турат. «Синь Тан шу» берген кабарларга тайансак, Кыргыз мамлекетинде уйгур жазуусу колдонулган . Чорлор же чурлар – жогорку даражалуу аскер кызматкарлери. С. Г. Кляшторныйдын изилдөөлөрүнө ылайык, аскер башчылары болгон чоролор кагандын жакынкы айланасын түзүшкөн. Мисалы, 732 ж. Күлтегин каза болгондо, аны узатуу аземине кыргыз каганынын атынан Тардуш Ыныначу Чур барган. Колбашчылар – чоролордун так саны болгон эмес. «Чур» наамы Энисей таш эстеликтериндеги жазууларында баатырлардын өз аттары катары көп кездешет. Хакас тилинде азыркыга чейин «хал чор» – анык эр же «хал батыр» – анык баатыр дегенди билдирет. «Чор» наамынын «баатыр» наамы менен бирдей колдонулушу алардын аскердик чөйрөгө таандык экендигинен кабар берип турат. Тархандар (кытай булактарында дагандар) – алым, салык жана башка төлөмдөрдү чогулткан мамлекеттик улуу кызматкерлер. Тархандардын өздөрү салыктардан эркин болушкан. Тархандардын арасында аскер башкаруучулары болгон «сангундар» киришкен. Тархандар менен сангундар туруктуу бир так санда болгон эмес. Кыргыз жазма булактарында «Шатун таркан», «Таркан сангун», «Бойла бага таркан» деген баатырлардын аттары кезигет .

Жогорку аталган кызматкерлердин баары – жайсаңдар, тутуктар, буйруктар, чоролор жана чжишилер «аскер башкарышкан», бирок, иш жүзүндө булар аскердик башкаруу аппартында иштешкени айкын болуп турат. Е. Кычановдун пикири бойунча, тутуктардын санын астыгы жана ошол эле учурда жайсаңдардын көптүгү борбордук жана жергиликтүү бийликтердин бирин-бири толуктап тургандыгы жөнүндө кабар берип турат.

Бектердин катмарына «тох-чындар» же «тёксиндер» (көксүндөр) киришкен. Байыркы түрк мамлекеттерин башкаруу тепкичтеринде «тюксиндер» хандан кийинки үчүнчү оорунда турушкан. Кебетеси алар көктүрктөр менен болгон согуштарда кол башкарган баатырлар болушкан. Хакас элдик ооз эки чыгармачылыгында сырттан бөрүлөр менен салгылашкан Ир Токчун жөнүндөгү уламыштар кеңири таралган. Бул жерде бөрүлөр деп көк түрктөрдүн тотемин түшүнүү керек. Ир Токчун атында кыргыздардын «эр» наамын өзү эле көрүнүп турат. Энисей таш эстеликтеринин жазууларында «эр Көкшүн» наамынын кезигиши, бул наамдын кыргыздарда болгондугун далилдеп турат.

Кагандын мураскорлору - ханзаадалар «тегин» аталышкан. Тегиндер кыргыз элчилери катары Кытайга жана Тибетке барып турушкан. Тегин наамы дагы Энисей таш эстеликтеринде жоолугат . Хакас тилинде дагы тегин атынын бар экендигин белгилей кетишибиз керек. Бирок, азыркы күндө бул сөз өзүнүн карама каршы маанисине өтүп жөнөкөй адам дегенди билдирип калган.

Бектер багыштарда ээлик кылышып, ошол «багтарда» (багыштарда) – Кыргыз мамлекетинин жергиликтүү башкаруу бирдиктеринде жашаган калкты башкарып турушкан. Мисалы, кыргыз руникалык жазма булактарында мындай билдирүүлөр бар: «алты баг будунка бэгетирмин» – мен алты бөлүктүн – «багтын» (багыштын) беги элем. Божомолдо, ар бир багыштын эли 40 түтүнгө же 40 айылга бөлүнүп, бир башкаруу бирдиги катары каралган. 40 түтүн, жасак салыгын чогултууда бир бирдик катары саналышы Хонгорайда ХХ кылымга чейин сакталып калган.

Кыргыз таш жазууларындагы маалыматтардан улам ар бир кыргыз бегинин жоокерчиликти кесип кылган 40 эрден турган аскер кошуну болгондугун биле алабыз. Бек эрлер үчүн ата (канг) оордунда болгон. Аскер кошундары бектердин бийлигин тайанычы болгон. Каган ордосунда бектер менен бирге болгон жана ала рдын кызыкчылыгынын көздөгөн.

Кыргыз мамлекетинин, башка көчмөн түрк мамлеке ттериндей эле, өзгөчүлүгү катары илгертеден бери келе жаткан уруучулук кууштуруунун мүнөздүү болушу. Байыркы түрк коомундагы негизги түзүлүш уруу - «ок» – «будун» – болгон. «Ок» сөзү – уруу маанисинде Сайан-Алтай элдеринде азыркыга чейин колдонулуп келет. Көчмөн цивилизациянын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, хакастардын сөздүгүндө эмдигиче мындай деген туруктуу фразар оорун алган: теги (ох) жок адам болбойт, бычылбаган өтүк болбойт. Уул дегенди билдирген сөздөр «Ок» сөзүнөн башат алышат - «огул» жана «огыс» – баланы, уруктун мураскорун, урпагын билдирүү үчүн колдонулат.

Борбордук Азийанын көчмөн мамлекеттеринде у руулардын жана уруктардын коомдогу алган оорундары так жан өтө тыкыр такталышы мамлекеттин түзүлүшүнүн эң негизги башаты болгон. Баштабында, уруктар, бир атадан тараган каны туугандардын биримдиги болгон. Урук, бир аталык үй-бүлөөлөрдөн «арка кундардан турган». Бул сөздүн чыгышы эки сөздөн келет: арка – арка жана кун – калк, мындайча айтканда бирине бири аркалаш адамдар . Мындай түшүнүк, бир атадан тараган, ага киргендер бирин-бири колдоп турган, үй-бүлөө жөнүндө болгондо мүмкүн. Кебетеси «арка гшу» – деп майда экономикалык бирдиктерди түзүшкөн, көчмөн айылдарга бириккен туугандардын тобу аталса керек.

Хакас элдик ооз эки чыгармаларында « аал-күн» - айылдык адамдар аталган, айылдык коомдордун болгондугу белгиленет. Айыл-айыл болуп жашашкан кыргыз малчылары жергиликтүү бирдиктүү коомдорду түзүшкөн. Алардын турмушунун негизи — жердин бир бөлүгүнө жалпы ээ болуу, үй-бүлөөлүк жана өндүрүш байланыштары болгон.

Айылдык коомдордун тамыры Кыргыз мамлекетинин жаралыш дооруна, даңазалуу VI —XIII кылымдарга кетээрин байыркы түрк жазуулары аныктайт. Кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде «эл кюн» (элкун) — адамдар жана «кадаш кюн» (кадаш кун) — туугандар деген сөздөр кездешет. Белгилей кетчү нерсе, бул сөздүн экинчи курамы – «кюн» (кун) же адамдар, архаизимдер катарына өтүп, азыркы хакас тилинде өз алдынча колдонулбай калган. Бул сөз бизге байыркы түрк доорунан келип жеткен.

Кыргыз мамлекетинде ийилиштүү болгон, Сайан-Алтайдын чытырман черлеринде жашаган, энисейлик кыргыздар тарабынан экономикалык эзүүгө дуушар болушкан уруулар «кештем» аталышкан (XVII кылымдагы орус документтеринде — кыштымдар).

Кыштымдар жөнүндө маалыматтар Алтайда жана Тувада оорун алган кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде биринчи жолу VIII- IX кылымдарда пайда болгон. Мисалы, Кыргыз каганатынын тушунда Тубадагы Кемчик дайрасынын бойундагы элдер алты бөлүк (багыш) кыштымга айланышкан (алты баг кешдем). Кебетеси, кыргыздарга коңшу жашаган, кыргыздарга баш ийип, алардын башкаруу алкагына кирип калган элдер кыштым болуп кала беришкен көрүнөт.

Кытай жылнаамачылары бойунча, VIII кылымда кыргыздардын түндүгүндөгү коңшуларын ын түштүк-батышында «бома» — ала аттардын өлкөсүндө, «кешинян» или «кэшидян» урпактары жашаган. Алар жыл сайын, өз улуктарына кундуз, суусар, тыйын чычкан ж.б. баалу аң терилеринен алым төлөп турушкан. Кебетеси, «кешидян» уруулары Түндүк Алтай аймактарында жашашса керек. Кыргыз бектери алардын алым алып турушкан жана аларды чарба иштерине колдонушкан. Тан булактары билдиргендей, кыргыздар Чыгыш Сайандын чер коктуларында жашаган Дубо, Милиге, Эчжи уруусундагы кыштымдарды «кармашат жана жумушка колдонушат».

Кыштым элинин «гешдум» айтылышында, VIII кылымдагы Борбордук Азиянын түндүк чектериндеги мамлекеттер жөнүндө уйгурдун беш элчисинин айткандарынан жазылып калган байыркы тибет документтеринде кезигет. Бул жерде, уйгурлардын мурунку түндүк коңшусу болгон Кыргыз мамлекетинин ийилиштүү элдери жөнүндө сөз болуп жаткандыгы калетсиз.

982-983 жж. жазылган а раб тилиндеги «Худуд ал-алам» жер таануу эмгегинде тогуз-огуздардан жана карлуктардан түндүгүрөөк жагында, түндүктүн адам жашабас өлкөлөрүнүн чегинде кыргыз жерлери жайгашканы белгиленген. Өлкөнүн негизги калкынан бөлөк, алардын чыгыш тарабында «кури» эли, ал эми батышында — «кесим» же «кыштымдар» жашаган. Кесим (Кестим) — «хырхыздардан чыккан бөлөк эл, (алар) тоолордун боорлорунда чатырларда жашашат, аң-терилерди, хутунун (мамонттун) мүйүзүн (азуусун), кайберендин жыпарын чогултушат. Булар кыргыздын бир эли, алардын тили халлухтарга жакын, а кийимдери болсо кымактарга окшош . Мурун кыргыздар басып алган жерлердин көз каранды элдери болгон кыштым уруулары, Х кылымда Кыргыз мамлекетинин чет жакаларындагы жалпы эмгекчи катмарга биригиши толук мүмкүн.

Негизинен , кыштымчылык алым төлөөчү коомдук түзүлүш катары, башында, басып алган элдерди баш ийдирүү үчүн колдонулган этникалык-коомдук эзүүнүн негизинде өсүп чыккан өзгөчө көрүнүш. Бул көрүнүш кыргыз мамлекетинин түпкүрүндө жаралган жана баштапкы феодалдык эзүү ыкмасы.

Жазма булактардан алынып к елтирилген фактылардын негизинде, «кыштым» (кештем) аталышы башатында кыргыздар каратып алган элдердин биринин кана аты болгон деген тыйанак ой өзүнөн өзү келип турат. Тарыхта мындай мисалдар көп эле кезигет. Мисалы, моңголдор «хитад» деп кытайларды кана эмес, ошондой эле кулдарды да аташкан.

«Кештем» — «кистим» — «искитим» терминин фонетикалык айтылышына тайанып, кыштым коомдук көрүнүшү, кыргыздар каратып алган скиф урууларынын биринин атынан чыккан деген божомол курууга болот, анткени түрк тилинде скифтер «искит» термини менен берилген (баштапкысы «сакаит»). Кыйыр жоромолдун негизи катары хакас тилинде ак-сөөктөр — «искеттiглер» — искетти барлар деп аталышын эске алсак болот. Кадыры жок адамдарды «исхед чох» — искети жок дегенди билдиришин келтирсе дагы болот. «Искет» сөзү аркылуу биз «искетем - кестем» терминдеринин баштапкы калыбын жоолуктуруп отурушубуз толук мүмкүн. Биздин сөздөрүбүзгө хакастын «хыргынныг» (хыргынныг) термини далил болуп бере алат. «Хыргынныг» — чоң бай (хыргыны бар) — бул жерде «хыргын» байыркы түрк сөзү болгон «кыркынга» — күңгө барып такалат. Акыркы сөз «күңү бар» бай дегенди түшүндүрүп калат жана аны «искетiглер» сөзү менен салыштырып караганга мүмкүнчүлүк берет. Мындай ой жүгүртүүлөр туура болуп чыкса, анда, көргөзүлгөн коомдук-этникалык эзүү калыбынын түзүлүшү, андан да байыркы заманга, энисей кыргыздарынын түпкү аталары (гянгундар) гунндар менен бирге Түштүк Сибирди көздөй жылышып, жолдо скиф урууларын каратып алган доорго туура келет.

Кыргыз мамлекетинде алымдар жана салыктар табигый түрүндө жыйналган. «Жасакчылар (жазык?) алымды суусар жана тыйын чычкан менен төлөшөт» – дейт кытай булактары. Руникалык жазма эстеликтерде «йака» – төлөм, сыйлык деген сөз кезигет. Хакастар жасак алымына төлөнүүчү аң терилеринин бир буумун «чага» (жака? Жакага такккан кундузум) (баштапкы байыркы түрк тилиндеги «й» хакас тилинин өнүгүү жолунда «ч» өтүп кеткен) аташкан. Биздин көз карашыбызда, бул түшүнүк Кыргыз мамлекетинен доорунан калган.

Кыргыздарда мамлекеттик мыйзам-заңдарынын негизин түзгөн «төрө» аталган адат укугу болгон. «Төрө» мыйзамы көчмөн мамлекеттин жана коомдун өнүгүү жолундагы негизги багыттарды аныктаган, жол көргөзгөн жылдыз катары колдонулган. Ал эл менен улуктардын мамилесин аныктаган. Кыргыз бектеринин биринин эстелигинде мындай насаат оорун алган : «Кара калк, тырышчаак бол! Элдин айтканын бузба!».

Ар бир жаңы хан, өзүнүн башкаруусун «төрө» заңын таануудан баштаган. Ушундай эле тартип кийин Хонгоройдо да орногон. Хакас этнографиясынын маалыматтарына ылайык, Хакасийанын талаа кеңештеринин башлыктары кызматка киришип жатып, мындай деп ант беришчү: «ылайым, талаа мыйзамы менин тартибим болсун, ылайым, ал эмки муундарга жетсин! Кызматтан кетип жатып бектер мындай дешкен: Ылайым, жогорку мыйзам бекем болсун! Ылайым, (башчынын) сыйлуу оорунда толтура казына болсун!» Башлыктар бүт болгон күчүн талаа мыйзамынан башат алган иштерди коргоого жана колдоого үрөшкөн . Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, бул хакас тилинде «төрө» деп падышанын бийлигинин жана мамлекеттин мыйзамдарынын белгиси болгон башындагы таажысын аташат. «Төрө» сөзүнүн төркүнү байыркы түрк тилинен келген «торi» – төрөө, жаратуу этишинен болушу ыктымал. Эгер мындай божомол туура болсо, анда бул сөздүн баштапкы мааниси табигый мыйзам, жаралгандан орнотулган тартип же м. а. жараткандын эрки деген түшүнүктү берсе керек.

Кыргыздардын адат укугу курман болгон тууганы үчүн кун кууганга жол берет. Хакас тилинде эмдигиче чейин мындай сөздөр сакталып калган: «жаздык башка жазданганга, төшөк төшөнгөнгө», м.а. куну куулган адам, тиги дүйнөдө кункорун төшөнүп жатат. Мындай адат тууган-уруучул коомдо жаралган жана Борбордук Азийанын көптөгөн көчмөн коомдоруна таандык болгон. Мисалы, 1240 ж. «Моңголдордун Ыйык дастанында» мындай делинет: «Өлсөм дагы, (душманымдын сөөгүн) жаздана жатайын».

К ыргыз мамлекетинде кылмыш укугунун дагы баштапкы негиздери болгон. Элдик ооз-эки чыгармачылыкта, хакастардын ата-бабалары кыргыз кезинде, алардын татаалдашкан сот жүргүзүү системасы болгондугун айтылат. Жогорку Сот иштерин «ал-бот» наамын алып жүргөн башкы сот жүргүзгөн. Бул сөздүн төркүнү байыркы түрк тилиндеги, баатыр, балбан маанисин берген «алпагут» сөзүнө кетет жана бул сөздүн уңгусу «алп» – баатыр менен бир.

Кылмыштуулуктун алдын алыш үчүн байыркы түрк хандары атайын «сюмзюк» аталган узун кулактарды кызматка алышкан. Алар дайардалып жаткан кылмыштар жөнүндө берген маалыматтары үчүн акы алып турушкан. Мисалы, салыкчы «сюмзюктун» кыргыз беги Апрай жайсаңдын уулу эркиндикти каалаган ырларды ырдап жүргөндүгүн жеткиргени бойунча монгол ханы аны сотко тарткан.

Кытай жылнаамачылары мындайча кабар беришет: «Алардын мыйзамдары абдан катаал. Согуш алдында коркооктук кылган, элчилик кызматын аткара албаган, ханга туура эмес кеңеш берген, ошондой эле ууру кылган адамдар башын алуу жолу менен өлүм жазасына тартылат. Эгерде ууру кылган адамдын атасы бар болсо, анын башын атасынын мойнуна илип койушат жана ал аны өлгөнчө көтөрүп жүргөнгө милдеттүү « . Ушундан көрүнгөндөй, оор кылмыш кылгандар өлүм жазасына тартылышкан. Сот чечимдери адат укугунун негизинде жүргүзүлгөн.

Кыргыз мамлекети, башкаруу органдарына уруучулук мүнөздүү, салык системасы жетиштүү өнүкпөгөн, сот аппаратынын башаттары бар жана адат укугунун негизинде башкарылган баштапкы феодалдык сайасый коом болгон. XIII к. моңголдор басып алгычакты, кыргыз мамлекети өз алдынча эркин мамлекет болуп, Азийанын бөлөк мамлекеттери, анын ичине Кытай империясы менен тышкы сайасый карым катнаштарды түзүп турган. Мамлекеттик түзүлүштөрүн башкаруу «төрө» мыйзамдарынын негизинде жана ага болгон башкаруучулардын колдоосу аркылуу жүргүзүлгөн. Бул доордо кийинки мезгилдерде дагы сакталып калган Кыргыз мамлекетинин башкаруу түзүлүшү түптөлгөн.


Булактар: В. Я. БУТАНАЕВ "Кыргыз мамлекети, мамлекеттер аралык байланышы, кытай булактары, Тибет жана Түрк каганаты."