Колдонуучунун баарлашуулары:Kyrgyzchala
Тема кошууСунуштар жана эскертүүлөр
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы @Kyrgyzchala! Соңку аракеттериңиз үчүн ыраазылык, токтобоңуз! Актуалдуу макалаларды жаратып жатасыз, бул жакшы көрүнүш, бирок кээбирки эрежелерди эске алуу менен жазсаңыз макалаларыңыз сапаттуу болот деп ойлойм. Акыркы күндөрү жараткан 3 жаңы макалаңыздын бирөөсүндө бир да булак берилген эмес. Эгерде макалаңыз бүтө элек болсо, {{Түзөтүлүүдө}} калыбын кошкон эмессиз. Эгерде ушул бойдон калса, бул макалаңызды өчүрүүгө берүүгө мажбур болобуз. Кийинки эки малаңыздын булактарын башка викиден көчүргөндөйсүз, булактар туура ирээттелген эмес. Булактарда англис тилиндеги даталар турат. (Studio Ghibli Булактар бөлүмү). Сноскалар дагы туура эмес берилип жатат. Бул Кыргыз Википедиясынын жалпы эрежелерине туура келбейт.
Сунуштар (балким чечимдер)
- Булактарды берүүдө {{Cite web}} калыбын колдонсоңуз жакшы. Сноска кылып берүүдө да колдонсоңуз болот.
- Жараткан макалаларыңызды категориялаганды унутпаңыз.
- Тилдерди кошууну да унутпаңыз.
- Биздин эреже боюнча бизде ky.wiki де сноскалар[1] чекиттен мурун коюлат. Чекиттен кийин коюлбайт. Башка викилерден айырмаларыбыз ушул сыяктуу.
Иштериңизге ийгилик! Baydastann (талкуу) 08:12, 10 май 2025 (UTC)
- Саламатчылык @Baydastann! Албетте, ошо эрежелерин ката кетирип үйрөнөт окшоймун. Убакыт бөлүп жазып койгонуңузга чоң рахмат. Убакыт таап ошо макалардын оңдоп чыгамын. Kyrgyzchala (баарлашуу) 06:52, 12 май 2025 (UTC)
Сунуш
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы @Kyrgyzchala! Соңку түзөтүүлөрүңүз үчүн ыраазычылык. Бирок сиз билесизби же билбейбизси, {{Түзөтүлүүдө}} калыбы кошулган макаланы түзөткөнгө болбойт, качан ал калып өчүрүлгөнгө чейин. Ооба, каталар бар, бирок бул макала толук бүттү дегени эмес. Мындай аракетиңиз калыпта айтылгандай түзөтүүлөр кагылушуусун чыгарат. Жана мен мындай көрүнүштү өзүмө болгон вандалдык аракет деп билемин. Макул бул биринчиси экен, ар бир адам ката кылат, а бирок дагы кайталанса, мен сизди блоктогонго сунуштап, форум ачышым мүмкүн жана толук акым бар. Иштериңизге ийгилик! Baydastann (талкуу) 06:37, 22 май 2025 (UTC)