Колдонуучунун баарлашуулары:Nurbek1974

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Кудайкулов Ысмайыл[булагын түзөтүү]

Кудайкулов Ысмайыл 1900-жылы азыркы Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. Жаштайынан окууга дилгир, шамдагай болуп чоңойгон. Алгач айылда арапча кат тааныгандан кийин Ходженттеги медреседе окуйт. Ал орус, тажик тилдеринде эркин сүйлөгөн, өзү кесек уруусунан. Эмгек жолун мугалим болуудан баштап, райондогу жооптуу кызматтарда иштеген. Кийинчерээк айыпсыз абака түшүп, ошондон дайынсыз жок кылынган. Лейлек району менен Сүлүктү шаары Кыргызстанга кошулуп калышына молдо Турсун Жайнаков менен молдо Ысмайыл Кудайкулов чоң кызмат кылган. 1917-жылы 7-ноябрда Улуу Октябрь революциясы жеңип чыккандан кийин Совет Өкмөтүнүн Борбордук Аткаруу Комитети 1924-жылдын 27-октябрында Орто Азиядагы улут республикаларынын чек арасын бөлүү жөнүндө чечим чыгарат. Ушуга байланыштуу Кыргызстан өзүнчө автономиялуу область болуп бөлүнөт. Ал эми 1926-жылдын 1-февралынан тартып Кыргызстан автономиялуу республикага айланат. Бирок, Сүлүктү, Лейлек (Белестен бер жагы) жергесинде 83% кыргыз улуту жашаганына карабастан Ходжент уездине ар түрдүү себептер, шылтоолор менен калтырылып, Кыргыз автономиялуу республикасынын составына кирбей калат. Өз Мекенине чектеш болуп туруп, Кыргызстанга кошулбай калуу калың элдин нааразылыгын туудурган. Алардын талаптарын, арыздарын төбөлдөр өз мансаптарын көздөп, назарына илбей, тескерисинче бекем тартип киргизип, элди коркутуп-үркүтүп турушкан. Кайрагачтан (тажик-кыргыз чек арасы) ары өткөндөр катуу көзөмөлгө алынып текшерилип турган. Ошол мезгилде Орто-Азиянын жер-суу комитети Ташкент шаарына орношкон эле. Лейлек менен Сүлүктүлүктөрдүн Кыргызстанга кошулуусу ошол жерден чечилмек. Ал эми ал жерге жетүү кыйын болгон. Лейлек менен Сүлүктүлүктөр кантсе да өз арыз-муңун Ташкентке жеткирүүнү чечишет. Бирок бул жооптуу ишке (кара күчтөргө кабылса тирүү калбашы бышык эле) зирек, чечен, кайраттуу, орус тилин мыкты билген, эл тагдырын чечүүгө башын байлаган кишилер керек эле. Ошондуктан көпчүлүк бул ишти Булак-Башылык молдо Турсун Жайнаков менен Кара-Булактык молдо Ысмайыл Кудайкуловго тапшырган. Экөө элдин арыз кагазын, жердин картасын бекем катып, желдеттерди чалгытуу максатында тажик аялдарынын паранжысын жамынып алышып, азыркы Тажик Республикасынын Пролетар станциясынан поездге олтурушкан. Аладан көп убакыт өтпөй ал экөөнүн жашыруун түрдө Ташкентке жөнөгөнү тууралуу атка минерлерибиз Ходженттеги төбөлдөргө маалымат жеткиришкен. Желдеттер жолдо жолуккан аялдардын паранжысын зордук менен ачып көрүшүп, молдо Турсун менен молдо Ысмайылды издешкен, бирок таба алышпай Ташкент тарапты көздөй кеткен поезддин изин куушкан. Кара күчтөр аларды Ташкент станциясынан кармоого үмүттөнүшкөн. Зирек молдо Турсун менен молдо Ысмайыл Ташкентке жетпестен поездден түшүп калышат. Андан ары жөө кетип баратышса жолдо машина айдаган молдо Турсундун орус досу жолугуп калат. Шофер аларга жардам берүү максатында машинасын шаарга бурат. Тилекке каршы жолдо машина бузулуп, көпкө көчөдө туруп калышат. Минтип көчөдө туруу алар үчүн опурталдуу эле. Акыры машина оңдолуп, бактыга жараша алар эртең менен Ташкентке кирип барышат. Бирок, жер-суу комитетинин алдында аларды бул жактан барган желдеттер аңдып жүрүшкөнүн байкашып ал жерге кирүүнүн айласын издешет. Жол каржысы түгөнгөндөн кийин бир өзбек кишиге мардикер болуп иштешет. Акыры ошол өзбек кишинин жардамы менен «черный ход» аркылуу жер-суу комитетине киришет. Жер-суу комитетинин башчылары молдо Турсундун түшүндүрүүсү менен элдин арызын канааттандырып, атайын комиссия түзүшөт. Комиссияны молдо Турсун менен молдо Ысмайыл баштап, кошо келишет. Алардын келишин Кайрагачтан чыдамсыздык менен күтүшкөн бир топ атчандар тосуп алышат. Кубанычтуу кабар менен келгендерди кыргыз калкы зор кубаныч менен тосуп алып, ыраазылыктарын билдиришкен. Комиссия мүчөлөрү бир нече күн жерди өлчөп, чек араны белгилейт. Ошентип 1928-жылдын 17-октябрында Лейлек району, Сүлүктү шаары мыйзамдуу түрдө Кыргыз автономиялуу областынын составына кошулат. Ал күндөр Лейлектик, Сүлүктүлүктөр үчүн тарыхтагы эң шаңдуу, унутулгус күндөрдөн болуп калды. Район элинин Кыргызстанга кошулушунда молдо Турсун менен молдо Ысмайылдын эрдикке тете эмгеги бар. Алар өлүмгө тике карап, үй-бүлөсүн да коркунучка коюшуп, эл керегине жарап кетишти. Анын урпактары Кара-Булак айылында жана Сүлүктү шаарында жашашат. Кудайкулов Ысмайыл Мөөжөй уруусунун Акмат тобунан.

Кара-Булак шаарчасы[булагын түзөтүү]

Кара-Булак шаарчасы - Лейлек районунун борбору Исфана шаарынын чыгышындагы азыркы Кара-Булак айылынын так ортосунан орун алып, анча чоң эмес өрөөндү жайгашкан. Тарыхый – географиялык жактан алып караганда В. В. Бартольд, Н.Н. Негматов, Г.А. Брыкиналар айтып кеткендей Кара-Булак шаарчасы Устуршананын курамына кирип, анын эң четки рустагын түзгөн. Өз кезегинде бул рустак коңшулаш Фергананын Аспар - Исфара рустагы менен чектешип турган. Бул аймактын жаратылыш шарты чарбачылыктын көп түрдүү тармактарынын пайда болуп, өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. ХХ кылымдын 50-60-жылдары жүргүзүлгөн казуу иштеринин негизинде табылган ар кандай буюмдардын, буудай жана башка өсүмдүктөрдүн калдыктарынын табылышынын натыйжасында бул жердеги жашоо байыркы мезгилдерде эле жогорку деңгээлде болгондугун далилдейт. Бул өзгөчөлүктөрдүн болуусуна байыркы мезгилдеги Фергана жана Уструшана мамлекеттеринин чегинде жайгашкандыгы өтө зор таасир эткен. Кара-булак жайгашкан тоолуу аймактын тарыхын изилдөөдө коңшулаш жерлердин, атап айтканда өрөөндүү Фергана жана батыш Уструшана менен калкынын дайыма чарбалык жана маданий байланышта болгондугу тарыхий - археалогиялык маалыматтардан белгилүү. Байыркы изилдөөчүлөрдөн болгон Максидинин изилдөөлөрү боюнча Уструшананын 17 рустагынын 9 тоолуу аймакта жайгашкан. Ошондой эле ар бир шаар өзүнчө рустакты түзгөн. Орто Азиянын Россияга каратылышынан кийин булл аймакты тарыхый – географиялык жактан изилдөөлөр кеңири алкакта башталган. Эң алгачкы изилдөөчүлөр: В. В. Бартольд, К. А. Инистранцев, Н. И. Веселовский, М. Е. Массон болушкан. Алар бул аймак боюнча ар кайсы мезгилдер боюнча археологиялык маалыматтарды чогултушуп, анализдешкен. В.В. Бартольд өзүнүн эмгектеринде чогултулган археологиялык табылгалардын жана жазуу булактардын негизинде Фергана жана Уструшананын монголдордун басып алуусуна чейинки мезгилин тарыхый –географиялык мүнөздөмөмө берген. Ал эми М. Е. Массондун жана П. П. Ивановдун тарыхый - топографиялык изилдөөлөрлөрүнүн жыйынтыгында Кара-Булактын жайгашкан орду жөнүндө да так маалыматтар берилген. Атап айтсак географиялык жайгашуу орду, рельефи, кербен жол байланыштары жөнүндөгү маамлыматтар берилген. ХХ кылымдын 40-50-жылдары А. Н. Бернштамдын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн архелогиялык казуу экспедициялары көбүнчөсү өрөөндүү Фергана аймагында жүргүзүлгөн. Ал байыркы өнүккөн шаарлар түздүктөрдө жайгашкан деп ойлоп, көбүнчө түздүктүү жерлерде казуу иштерин жүргүзгөн. Кийинчерээк Туркестандын тоо этектеринде жүргүзүлгөн казуу иштеринин негизинде бул аймактарда жогорку деңгээлде өнүккөн шаарлардын болгондугун казылып алынган материалдардын негизинде аныкташкан. Көчмөн жашоо образында болгон Туркестандын түндүк тоо этектериндеги Лейлек, Баткен аймагы анын ичинде Кара-Булак, Исфанадагы шаар чалдыбарларын изилдеп башташкан. Тоолуу аймакта шаарлар түздүктөргө караганда аз болсо да, бул аймакта жогорку деңгээлде өнүккөн шаарлардын болгондугун Кара-Булактан Г.А. Брыкинанын археалогиялык казууларындагы табылган буюмдар далилдейт. 1959-1960-жылдары Түштүк Кыргызстан археологиялык экспедициясынын Лейлек - Баткен отряды тарабынан бул аймактагы, өзгөчө Кара-Булак айылындагы шаар чалдыбарын изилдөө башталган. Кара-Булак шаарчасы Фергана өрөөнүнүн түштүк – батышындагы орто кылымдын эстеликтеринин ичинен эң маанилүүлөрүнүн болгон. Аталган жер Кыргыз археологиялык экспедициясынын Лейлек отрядынын 8 жыл бою өзгөчө изилденген объектиси болгон. Кара – Булактан табылган керамика буюмдарда түшүрүлгөн орнаменттерден бул жердеги жашоо биздин замандын биринчи кылымдарына таандык экендиги далилденген. Бул шаардын турмушу VI – VII кылымдарда улангандыгын 1964 – жылы казылып алынган Кара-Булактын түштүк –батышындагы анча чоң эмес сепил аркылуу далилденген. Анын гүлдөп өнүгүп турган мезгили XI – XII кылымдарга туура келген. Бул мезгилдеги шаардын ээлеген аянты азыркы мезгилдеги айылдын так ортосундагы айтылуу Тоголок - дөң деп аталуучу дөбөнү археологиялык казуу иштеринен аныкталган. Дөбө түштүктөн – түндүктү карай 100м, батыштан –чыгышты карай 60м ди түзүп, бийиктиги 8м ге чейин болгондугу аныкталган. Дөбөнүн түштүк бөлүгүндө анча чоң эмес бийикрээк жери байкалган, аны казган мезгилде ылай пагзадан курулган катталышкан дубалдар табылган. Дөбөнүн Кара-Булактын так ортосунда жайгашкандыгы анын кээ бир бөлүктөрүнүн азыркы курулуштардын, бактардын астында калгандыгынан шаардын топографиясын толук аныктоого тоскоолдуктарды жараткан. Дөбөдөн чыгышты карай үйлөрдү куруу учурунда пайдубалдын ордун казганда XII кылымга таандык керамикадан жасалган буюмдар табылган. Дөбөнүн айланасынан 200 – 250 м. аралыктан керамикадан жана башка материалдардан жасалган буюмдардын калдыктардан бул шаарча бүтүндөй азыркы Кара - Булак айылынын ордунда болгондугун далилдейт. Аталган дөбөнүн түштүк тарабында жол куруу учурунда 22 даана караханид доорундагы колодон жасалган тыйындар табылган жана ушул эле жерден керамика идиштердин калдыктары табылган. Көптөгөн керамикадан, гипстен жасалган буюмдардын табылышы бул жерде кол өнөрчүлүк өндүрүштүн болгондугун тастыктайт. Мына ушундай устакана дөбөдөн 400м түштүк тарабындагы адырдан табылган. Бул жерден талкаланган кол өнөчүлүктө колдонулуучу меш табылган, тилеке каршы анын кандай формада жасалгандыгын аныктоого мүмкүн эмес. Ошол эле жерде металл иштетүүчү мастерской болгондугун табылган шлак аралашкан темирдин калдыктары тастыктайт. Шаарча суу түтүктөрү менен камсыз болгондугун эки тараптан Кичик-суу, Катта-суу булактарынан суу түтүктөрү шаарчага чейин жеткирилген. Аталган эки булактан суу керамикадан жасалган түтүк-куурлары аркылуу дөбөгө карай орнотулган. Суу түтүгүнүн бир линиясы дөбөдөн 300 м түштүк тараптан, экинчиси 400 м түштүк –чыгыш тараптан казуу учурунда табылган. Булар азыркы Катта-суу, Кичик-суу булактарынан куурлардын башталгандыгын тастыктайт. Демек аталган табылгалардын негизинде шаарчанын ээлеген аянты болжол менен 5га аянтты түзгөндүгүн аныктоого болот.