Колдонуучу:Курманбек Исманалиев
Көрүнүш
Бөрүбай.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]20-кылымдын Башында Өзгөн районун Кызыл ТОО айылында Басыздардын Айдаралы уругнан Чайкөз аталыгынан да да башы көрүнгөн көптөгөн жакшы адамдар чыккан. Басмачылар учурунда, силердин топтон, Бөрүбай деген элин жерин орус баскынчылардан коргогон өтө чыгаан, эр азамат жашаган, учурунда эл үчүн кылган иши бааланбай, большевиктердин колунан өлгөн, ал айтылуу Жаныбек кор башчынын уулу, Беделбайдын аккан досу болот, жазасын алып аткан учурда Беделбай алыста болуп калгандыктан арачы түшө албаганы үчүн, өзүн өмүрү өткүчө жемелеген экен, ал киши Мырзакеде туруп, партиялык иштерде жүрүп, көзү өттү. Бөрүбайдын жигиттеринин бири, Кызыл-Тоолук Алимкул уулу Анарбай сопу деген жамакчы, төкмө акын, ырчы Бөрүбайдын өлгөндө кошкон кошогунан, көп нерсени түшүнсө болот.
Бөрүбай өлгөндө, Анарбай сопу кошкон кошок.
- Белимдеги курумдай. Бекем элең, Бөрүбай.
- Белдүү уруу бектерге, Чечен элен, Бөрүбай.
- Жакшы менен жаманга Тегиз элең, Бөрүбай.
- Ак, каранын айрымын, Айрыйт элең, Бөрүбай.
- Адилдигин адамдын, Баалайт элең Бөрүбай.
- Ок чыгарган оруска, Кейийт элең, Бөрүбай.
- Туугандабас пендени Жерийт элең, Бөрүбай.
- Үзүлгөндүн учугун, Улайт элең, Бөрүбай.
- Кер муруттуу мойлоңду, Сылайт элең, Бөрүбай.
- Чачылганды бир кылып, Жыйнайт элең, Бөрүбай.
- Табылгынын чогундай, Оттуу элең, Бөрүбай.
- Бетегенин гүлүнүндөй, Жайнайт элең, Бөрүбай.
- Таш казандын ашындай, Кайнайт элең, Бөрүбай.
- Орус аткан октору, Ташка тийчүү Бөрүбай.
- Өзүң аткан окторуң, Башка тийчүү Бөрүбай.
- Кыя кетпес атканың, Мерген элең, Бөрүбай.
- Айдараалы уруудан, Чыктың эле Бөрүбай.
- Арсыз арам адамдан, Мыкты элең, Бөрүбай.
- Белестеги чатырым, Бек Бөрүбай баатырым.
- Капталдагы чатырым, Кан Бөрүбай баатырым.
- Белестен ары таш кетти, Бен Бөрүбай жаш кетти,
- Капталдан ары таш кетти, Кан Бөрүбай жаш кетти. Деп, кошкон экен.